КАНЫ ИЧИНЕ ТАРТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ачуусу келип кумсаруу, кыжыры кайнап, өңү бузулуу. Өзүнүн ички толгоосун байкаткысы келбей, каны ичине тарткансып, куп-куу болуп, бирок жай сүйлөөгө тырышты (Абдукаимов). Тиги таноосу кыпчылган ач күсөндөй сарынын андан бетер каны ичине тартып, муну тооруп жүрөт (Өмүрбаев). Алымды караган сайын таноосу кыпчылып, каны ичине тартат (Осмоналиев). Мисирейип, каары сыртына чыгып, каны ичине тартып, өңү куп-куу болуп, келини түгүл, көзүнө көрүнгөн кишинин баарын жутуп коёр кейпи бар эле (Эшмамбетов).