Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАНЫМЖАН — эпизоддук кейипкер, Айчүрөктүн нөкөрү. Үргөнчтүн боюнда Семетейдин келерин күтүп жатышканда Акылай көргөн кереметтүү түштү К. жоруп, Семетейдин келе тургандыгын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47—48).