Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көргүлүктү көрсөтүү, катуу кайгыга салуу, абдан кыйноо, өтө жакын адамдарынан ажыратып, чоң кырсыкка дуушар кылуу. – Суусунбу? Кан жуткурам сага! (Осмоналиев). Калпа көркоо калкка кан жуткуруп, кайгыга чөмүлтүп жаткан тура (Бейшеналиев). Көркооңдун көзүңдө огу болсо мени кан жуткуруп атууга белен (Бейшеналиев). В.: Кан жуткузуу. Бай, манаптар жалаа менен дыйкандарды курмандыкка чалышып, катын-баласын кан жуткузуп какшатууда (Бейшеналиев).