канат
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Сымдан эшилип жасалган жоон аркан. [Мусабек].. канат жолду кайтарчу болуп алгансыңбы? [деди Андрей] (Сасыкбаев). [Даша].. канат будкасында вагонетка тейлөөчү болуп калган (Сасыкбаев).
КАНАТ I зат. 1. Куштардын жана учуучу жаныбарлардын учууга ылайыкталган мүчөсү. Бадалдан канатын жарк эткизип сагызган учту (Сыдыкбеков). Сүзүп жүргөн эки өрдөк.. мемиреген көлдү канаттары менен чапкылап уча жөнөдү (Сыдыкбеков).
¨ Каз канаттап же каз канат болуп туруу — жардашып туруу, катар-катар болуп туруу. Каз канаттап турган жортуулчуларды көздөй жөнөдү (Жантөшев). Канат-бутак — жөлөк, тирек, жардамчы, колдоочу, көмөкчү. Ар кимге эле канат-бутак керек эмеспи (Маликов). Темир канат — 1) балапандын канат түтүкчөлөрү пайда болгон учуру; 2) өт. жаш. Темир канат.. кезиңерден бери тарбиялап, эми силерди шумкар кылып учурду («САЖИ»). Темир канат кезимде, партия мени ушул мектепке жиберген эле (Сыдыкбеков). Канат жаюу — кулач жаюу, тароо, жайылуу. Ташкент темир жолчуларынын арасында мындай кыймыл өзгөчө кеңири канат жайды (Абдукаримов).
КАНАТ II кана этишинин аркылуу мамилеси.

- 2. Самолёттун жерден көтөрүлүшүнө жана абада учушуна мүмкүндүк бере турган эки капталына орнотулган жалпак бөлүгү.
- 3. өт. Жардамчы, колдоочу, жөлөк, өбөк, тирек. Кайрылар сенде канат жок, Капаланып күйөмүн (Үсөнбаев). Эр жигит, жакшы болсо алган жарың, Ал сага канат, куйрук, келген багың (Шүкүрбеков).