канат I 1. крыло; темине канат или темир канат пенчук (птенец в том возрасте, когда его тело начинает покрываться пеньками); ак шумкардын баласы темир канат болуптур фольк. птенцы белого кречета уже стали пенчуками; узун канат стриж; ала канат (или алаганат) 1) утка серая; 2) перен. непостоянный, легкомысленный; ала канат жигитке, калтыңдаган кыз жакшы фольк. для легкомысленного парня хороша игривая девица; канат жай- 1) раскрыть крылья, распустить крылья; 2) перен. принять широкие размеры (напр. о положительном общественном движении); 2. полотнище кереге; алты канат ак ордо фольк. белая юрта с кереге в шесть полотнищ; он эки канат чоң үй огромная юрта в двенадцать полотнищ; 3. оперение (на стреле); канаты сынып калды он понёс большую утрату (напр. у него умер сын); канат-куйругун кес- подрезать крылья кому-л.; канат-куйругум жетилди я достиг довольства (сам здоров и обеспечен, дети поставлены на ноги и т.п.); канатымдан кайрылдым см.кайрыл-; ата канат то же, чтоатаганат. канат- II понуд. откана- IV окровавить; тишимди чукуп жатып, канатып алдым я до крови расковырял себе зубы.
зат. Сымдан эшилип жасалган жоон аркан. [Мусабек].. канат жолду кайтарчу болуп алгансыңбы? [деди Андрей](Сасыкбаев). [Даша].. канат будкасында вагонетка тейлөөчү болуп калган (Сасыкбаев).
КАНАТIзат.1. Куштардын жана учуучу жаныбарлардын учууга ылайыкталган мүчөсү. Бадалдан канатын жарк эткизип сагызган учту (Сыдыкбеков). Сүзүп жүргөн эки өрдөк.. мемиреген көлдү канаттары менен чапкылап уча жөнөдү (Сыдыкбеков).
2. Самолёттун жерден көтөрүлүшүнө жана абада учушуна мүмкүндүк бере турган эки капталына орнотулган жалпак бөлүгү.
3. өт. Жардамчы, колдоочу, жөлөк, өбөк, тирек. Кайрылар сенде канат жок, Капаланып күйөмүн(Үсөнбаев). Эр жигит, жакшы болсо алган жарың, Ал сага канат, куйрук, келген багың(Шүкүрбеков).
¨ Казканаттапжеказканатболуптуруу — жардашып туруу, катар-катар болуп туруу. Каз канаттап турган жортуулчуларды көздөй жөнөдү (Жантөшев). Канат-бутак — жөлөк, тирек, жардамчы, колдоочу, көмөкчү. Ар кимге эле канат-бутак керек эмеспи (Маликов). Темирканат — 1) балапандын канат түтүкчөлөрү пайда болгон учуру; 2) өт. жаш. Темир канат.. кезиңерден бери тарбиялап, эми силерди шумкар кылып учурду («САЖИ»). Темир канат кезимде, партия мени ушул мектепке жиберген эле (Сыдыкбеков). Канатжаюу — кулач жаюу, тароо, жайылуу. Ташкент темир жолчуларынын арасында мындай кыймыл өзгөчө кеңири канат жайды (Абдукаримов).
КАНАТIIкана этишинин аркылуу мамилеси.
канат (зат а.), канаты, канатты канат-бутак канат буттуулар (зоол.) канат-куйругу жети лүү канат-куйрук канат сымал бакалоор дуулар (зоол.) канаты кайрылуу канатына калкалоо темир канат (зоол.)
1. Куштардын же башка учуучу жаныбарлардын учууга ылайыкталган мүчөсү. Сарайгыр кош канатын серпип, кулунчактан кулунчакка өтөт (Касымбеков). Бадалдан канатын жарк эткизип сагызган учту (Сыдыкбеков). Шайтан көпөлөк канаттарын дирилдетип, эркинче чыгып кете албай аракеттенүүдө (Сыдыкбеков). 2. Самолёттун жерден көтөрүлүп, абада учушуна мүмкүндүк берүүчү, эки капталына орнотулган бөлүгү. Канатына кир жукпай, Ак булутту жиреген (Тоголок Молдо). 3. Боз үйдүн кереге бөлүктөрү. Корчунун он эки канат ак үйү он алты түтүн, коңшусу менен Рыскулбектин айлына канатташ конду (Токомбаев). Алты канат ак ордо, Аркасынан капшырдым («Саринжи-Бөкөй»). 4. өт. Жөлөк, таяныч, өбөк, тирек. Беттеп кирген душманга, Санат болот деди эле, Аман жүрсө Сейтегим, Канат болот деди эле («Сейтек»). Туяктан калган канатым Семетей келсе болбойбу («Семетей»). 5. Зымдан же кендир буласынан эшилип жасалган жоон аркан.
(биол.) танап; бир органды бир орган менен байланыштырып турган танап. К. пупочный (анат.) — киндик танабы; к. семенной — эн танабы, урук-без танабы, урук жаратуучу бездерди эркектин жыныс мүчөсү менен байланыштырып турган танабы бар.
Баралына келүү, өсүп жетилүү, чоңоюу, торолуу. Канат-куйрук жетилип, туш-туш жакка учуп жөнөдүк (Шүкүрбеков). Канат-куйругу жетилип дегендей, айланасына ар кыл жөндөмдүү шакирттерди топтоп, алардын өнөр сабатын өркүндөтүүдө (Бейшеналиев).
Баралына келүү, өсүп жетилүү, чоңоюу, торолуу. Канат-куйрук жетилип, туш-туш жакка учуп жөнөдүк (Шүкүрбеков). Канат-куйругу жетилип дегендей, айланасына ар кыл жөндөмдүү шакирттерди топтоп, алардын өнөр сабатын өркүндөтүүдө (Бейшеналиев).
канатташ I близкий сосед; находящийся рядом; канатташ уч- 1) лететь крыло в крыло (рядом); 2) перен. действовать заодно, в полном единении; канатташ болуп баралы фольк. отправимся вместе; Өзбекистан, Казакстан менен канатташ элбиз мы (киргизы) - народ, находящийся в близком соседстве с Узбекистаном и Казахстаном. канатташ- II находиться близко друг к другу; канатташып конолу давайте расположимся рядом (на кочёвке).
сын. 1.Тилектеш, таламдаш, боордош, жардамдаш. Бир боорум, канатташым, баатыр Нурлан, Эл үчүн эрдик менен болдуң курман (Аалы).
2. Жамаатташ, коңшу, аралаш, биргелеш, чектеш. Жерибиз бирге канатташ, Элибиз бирге жамаатташ (Осмонкул). Канатташ турган казагы, Кабарын угуп турганы («Манас»). Көрчү.. он алты түтүн коңшусу менен Рыскулбектин айлына канатташ конду (Аалы).
1. Тилектеш, таламы бирге, боордош. Казак эми, учсак бирге канатташ, Казак эми, устатташым сабакташ! (Токомбаев). Бир боорум, канатташым, баатыр Нурлан (Токомбаев). 2. Жамаатташ, бири-бирине жакын, коңшу. Кыдырбай айлы, Тазабек айлы бири-бирине канатташ отурушат (Сыдыкбеков). Канатташ турган казагы, Кабарын угуп турганы («Манас»).
1. (о птицах и насекомых) крылатый; 2. птица; эрдиги артык бүркүттүн - канаттуунун берени стих. велика храбрость беркута, он самая сильная птица; бакма канаттуулар домашние птицы; канаттуу сөздөр (калька с русского) крылатые слова.
1. Канаты бар, канатчан. Канаттуу кушка тил кирип, Мукам-мукам үндөгөн (Барпы). Унутуп ачык бойдон койгон эле, Сулууну канаттуу дөө ала качты (Үмөталиев). 2. Жалпы эле куштар. Канаттуулар фермасы. Канаттуу учуп өтпөгөн, Көйкөлүп шибер өспөгөн (Турусбеков). Жүгүргөндө жаныбар, Канаттуу качып кутулбайт («Манас»). 3. өт. Учкан куштай тез жүгүргөн күлүк. Куюндар менен жарышып, Канаттуу тулпар дегизген (Токомбаев). Сөзүмө кулак салыңыз, Канаттуу кара бээңди, Чалгынга минип алыңыз («Эр Төштүк»).
КАНАТТУУ АТ — кыргыз элинин мифологиялык түшүнүктөрүнүн эң байыркы катмарларынан келе жаткан, жан-жаныбарлар тууралуу мифтердин эң өнүккөн тибине жаткан көөнө аң-сезим жараткан мифологиялык образ. Мындай байыркы түшүнүктөр менен рухий дөөлөттөрдүн учурдагы адабий-маданий өнүгүштөгү ролу жөнүндө Ч. Т. Айтматов даана белгилеген: «Ажайып искусство образдарында, башкача айтканда байыркы мифтерде, аңыз аңгемелерде (легендаларда), классикада сакталып калган рухий таржымалы менен тарыхын унутуп калган адам акыл-эс жагынан эч качан жарыбайт, андай адам азыркы ашкан татаал турмушту аңдаганга алсыздык кылат» (Ч. Айтматов. «В соавторстве с землею и водою...» Фр., 1978, 381-б.). Көөнө коллективдүү элес-түшүнүктөрдүн, элдик этика менен эстетикадагы нускалуу салттардын рухий-аксиологиялык бай арсеналында мал киндиктүү жергени мекендеген ат жандуу эл — кыргыздар үчүн так ошо жашоо-тиричилиги менен аң-сезимдеги мифологиялык көөнөнүн көптөгөн түрлөрүнүн ичинен (космогониялык, лунардык, солярдык, астралдык, антропоморфтук, кудай, пайгамбар, пир, периште, жин-шайтан, гиги дүйнө, тозок, бейиш, этиологиялык мифтер, тотем, жан-жаныбарлар жөнүндөгү мифтер жана башкалар) ит төрөсү Кумайык, куш төрөсү Буудайык, төөнүн пири Ойсул-Ата, койдун пири Чолпон-Ата, уйдун пири Заңги баба, жылкынын пири Камбар ата жана башкалар болуп, ар бири өз-өзүнчө жиктелет. Ат кудайы мифологиялык түшүнүк катары байыртан бери белгилүү, маселен кытайдын элдик мифологиясында Маван-ат төрөсү аталып жылкы тукумунун кудайы катары эң байыртан келаткан культ. Болгондо да ал моңголдор менен чектеш Түн. Кытайда кенен таралган (Мифы народов мира, М., 1982, 2, 86—87-с.).
Байыркы көчмөн уруулардын чарбалык жана жоокерчилик турмушунда аттын ролу өтө зор болгон. Ошо себептүү атка айрыкча ызат менен карашкан. Анын адамга кылган ак кызматын баалашкан, күлүктөргө тен беришкен. Ушундай асыл касиеттери жана канаттуудай учкулдугу үчүн аны асманга танапташ кылышкан. Байыркы түрк-моңгол урууларынын мифологиялык түшүнүгүндө асман — карапайым көр пенделер жашаган кара жерден айырмалуу духтар менен теңирлер мекендеген ажайып бир чөйрө. Демек, ат асманга танапташтырылуу менен теңирге теңештирилген. Теңирди болсо түрктөр күн түспөлдүү элестетишип, көкө теңирдин жүзү деп күнгө сыйынышкан. Бул жагынан алганда дүйнөдөгү эң байыркы диндердин бири Зороастризм культуна оропара келген, күнгө, отко (очок) табынып, ыйык тутуу жагынан окшош мотивдер чыгат. Ошентип, ат алардын аң-сезиминде күндүн ыйык символуна айланган. «Күлүк атуу күндүн» символдору болушкан тулпарлардын образдары алардын искусствосунда эң кеңири колдонулган. Ыйык асман атынын жарташтарга тартылган сүрөттөрү Борбор Азияда биздин заманга чейин миңинчи жылдарда эле пайда боло баштап, биздин заманга чейин 8—5-кылымдарда алар Саян-Алтай тоолуу жерлери менен Моңголиянын мейкин талааларынан тартып Скиф-Сак дүйнөсүнүн күн батыштагы чегине чейинки көз жетпеген аймакта кеңири таралган. Жоокерчилик доорлордо жашаган байыркы көчмөн элдер атты акылдуу жаныбар, ишенимдүү жардамчы катары барктап, кадырлаган. Жоокерлердин күрөшү менен жеңишинин ажырагыс атрибуту болгон жакшы аттар, анын ичинде кереметтүү касиетке ээ канаттуу тулпарлардын образы эл чыгармаларынан туруктуу орун алган өзүнчө бир идеалдар. Эл аралык салттык орток мотивге негизделген мифтик тулпарлардын эпикалык образы жаратылыштан тышкары (сверх «естественный») «канаттуулугу» менен мисалы, грек мифтеринде Пегас жана Көруулунун Гыраты, Алпамыштын Байчубары өзгөчөлөнөт. Канаттуу тулпарлар баатырдык жомок тибиндеги эпостун алгачкы үлгүлөрүндө ээсинен жогору коюлуп, каарман аткара албаган кыйын милдеттерди аткарат. Айткан акыл-кеңешин аткарбай душман тарабынан өлтүрүлгөн ээсин ар кандай кереметтүү жол менен тирилтет. «Барса келбестеги» кайнак көл, от көлдөрдөн өтүп, укмуштуудай тоскоолдуктарды жеңип, аял алып берет ж. 6. сапаттык артыкчылыгын көрсөтөт. Мунун өзү канаттуу тулпарлардын образынын байыртадан бери элдик эпостордон кеңири орун алып келгенин белгилейт.
Түрк-моңгол элдеринин эпостору сыяктуу эле «Манас» үчилтигинде сыпатталган аттын мифтик элементтерди сактап калышынын бир белгиси катары баатыр минген тулпардын капталында канаты болот. Канаттуу аттын мифтик образы үчилтиктин башкы идеал баатырларынын каршысында турган эпикалык душмандардын айрым өкүлдөрүнө кызмат кылган терс күч катары сүрөттөлөт. Үчилтиктин көркөм образдар системасындагы терс каармандардын ичинен Кожожаш менен Чынкожо К. а. минип согуш майданында жүргөнү айтылат. Алар минген тулпарлардын өзүнө гана таандык сын-сыпаты, өзгөчөлүгү, энчилүү аты (кличка) бар. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Кичи казатта» кытайлардын көзгө атар мергени Кожожаштын (Шапак Рысменде уулунда Шыпшайдар деп аталат) кыргыздын кыйын баатырларын окко учурууда минген аты асман менен учуп жүргөн Куубайталдын ролу зор. «Семетей» бөлүмүндө ички душмандардын көрүнүктүүлөрүнүн бири Чынкожо да К. а. минип, асмандап учуп, Семетейге уруш салат. Чынкожонун канаттуу Кара аты эпосто төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Эр Семетей киргенде,
Семетейдин айбатын
Кан Чынкожо билгенде,
Кара ат менен чаргытып,
Аңгемесин арбытып,
Чыдай албай шашканда,
Чынкожо чыкты асманга.
Көк жорудай айланып,
Учуп жүрөт асманда.
Чынкожонун Кара аты:
Капталында бар эле
Калдайган эки канаты (Курама варианты, «Семетей», 222) болгон канаттуу Кара ат минип учуп урушкан Чынкожо Семетейлерге үстөмдүк кылат. Качан гана Күлчоро канатка атканда Кара ат жерге түшүп, Чынкожо жеңилет. «Сейтек» бөлүмүндөгү эпикалык башкы душман Кыястын Тооторусу асман менен учат, адамча сүйлөй алат. Тоотору тулпарды анын өзүндөй эле керемет күчкө ээ Айчүрөк «тилин байлап», «койго жеткис, уйга жеткис» кылып багындырат.
«Манас» изилдөөчү окумуштуулар (Р. Сарыпбеков) мифтик-фантастикалык тулпарлардын баштагы оң образы (башкача айтканда кереметтүү колдоочулугу) өзүнүн эволюциялык өнүгүшүндө эки тенденцияга туш болорун белгилейт: «Аттын образынын оң багытта өнүгүүсү акырындап мифтик касиеттеринен ажырап, кадимки жердик атка айлануу менен башкы идеал каармандын ишенимдүү жардамчысы боюнча калат. Ал эми экинчи учурда мифтик-фантастикалык касиеттерин (канаттуулугун) дагы эле сактап калуу менен, коомдун алга өскөн көз карашында айыпталган жат көрүнүш катары терс мүнөзгө ээ болуп, жаманчылыктын (зло) өкүлү катары душман тарабына кызмат кылат, жакшылыкты (добро) көздөгөн оң каарман өз максатына жетишине тоскоол болот, терс каармандарга кереметтүү жардамдарды көрсөткөн ишенимдүү жолдошуна айланат» — деп белгилейт. Эпикалык душман элдин тулпар аттарындай адаттан тышкары укмуштуу сапатка, мифтик катмар негизин түзгөн баатырдык эпостун баш каарманы Төштүктүн Чал-куйругун айтпаганда, «Манас» эпосунун бүгүнкү колдо бар негизги варианттарындагы оң каармандардын эч кимисинин аты ээ эмес. Ырас, мындан бир кылым мурда эле. Ч. Валиханов жазып алган вариантта Аккуланын «бир жагында 21, бир жагында 20 канаты бар, аркасында ажыдаар түгү бар» укмуштуу тулпар катары сыпатталат. Айтуучулардын түштүк группасынын айрым өкүлдөрүнөн жазылган варианттарда жоодон жараланган Манасты канаты бар Аккула ала качып куткарып айыктырганы айтылат. Мунун өзү анын алгачкы образы мифтик-фантастикалык аттардан башталып, коомдун алга жылышы, аң-сезим, көз караштардын өзгөрүшү менен кошо акырындап жердик атка айланганын көрсөтөт. Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты) Манастын Аккуласы эти кызыган кезде өпкөсүнөн канат өсүп чыгары эскерилет. Эпикалык душмандардын башкы баатыры «Коңурбайдын Кара аты Кара атынын бар эле, Капталында канаты» деп ээсин дайыма кысталыш учурда «куштай учкан күлүктүгү» менен ажалдан куткарат. Бирок, Кожожаштын Куубайтал, Чынкожонун Кара аты сыяктуу Аккула да, Алгара да асмандап уча албайт. Манасчылар аларды сыпаттоодо канчалык гиперболизациялабасын жердик аттын табигый чегинин рамкасынан чыгарбайт. Жалпы эле үчилтикте чагылдырылган оң, терс каармандардын минген аттарынын образдарында өз-өзүнө мүнөздүү айырмачылыктары болуу менен бирге, негизинен алардын күлүктүгү, чаалыкпастыгы баса көрсөтүлөт.
С. Алиев
к. КАНАТТУУГА КАКТЫРБАЙ, ТУМШУКТУУГА ЧЕКТИРБЕЙ
Ушуга чейин канаттууга кактырбай жакшы тарбиялады (Мурзаев). Канаттуга кактырбай душмандан элди сактаймын (фольк.).
Эч кыйынчылыкка дуушар кылбай, жамандык көргөзбөй кастарлаган, бардык жагынан кам көргөн. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей бөпөлөп асыраган балам («Ала-Тоо»). Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей багам. Мага да бала керек. Кошкула (Сыдыкбеков).
Эч кырсыкка, кыйынчылыкка дуушар кылбай, кордук тарттырбай, бардык жагынан кам көргөндүк. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей бөпөлөп асыраган баламдын тагдырына кара санайсыңбы («Ала-Тоо»). Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей багам. Мага да бала керек. Кошкула (Сыдыкбеков). В.: Канаттууга кактырбай. Ушуга чейин канаттууга кактырбай жакшы тарбиялады (Мурзаев). Канаттуга кактырбай душмандан элди сактаймын (фольк.). Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай. Мындан нары да туугандарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай өз калкасына алганы болуп эсептелди (Касымбеков). Кудайбергенди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай келе жаткан кезде жетим калышы кыйынчылыкка дуушар кылган (Бектенов). Канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай. Канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай баккан балам сен болсоң (фольк.).
к. КАНАТТУУГА КАКТЫРБАЙ, ТУМШУКТУУГА ЧЕКТИРБЕЙ
Мындан нары да туугандарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай өз калкасына алганы болуп эсептелди (Касымбеков). Кудайбергенди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай келе жаткан кезде жетим калышы кыйынчылыкка дуушар кылган (Бектенов).
КАНАТТУУ КАБАРЧЫ — фольклордук чыгармалардын баш каармандарынын окуясы, дарек-дайны, ал-абалы жана башкалар жазылган каткабарларды жеткирүүчү куштар. Табияттын жапайы күчүн элестеткен ар кандай канаттуу байланышчынын кат ташып кабарчылык кылышы жөнүндөгү жөө жомоктук мотивдер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири учурайт. Бизге жомок жана миф түрүндө жеткен мындай мотивдердин келип чыгышы жаратылыштын табигый мыйзамдарын билишпеген байыркы адамдардын анимисттик түшүнүктөрүнө байланыштуу экени белгилүү. Байыркы коомдо жашаган түшүнүгү чектелүү адамдар айбанаттарды да адам сыяктуу ой жүгүртүүгө, сүйлөшүүгө жана эс-акылдуу аракет жасоого жөндөмдүү деп ишенишкен. Айрыкча канаттуу куштар менен эпикалык каармандардын ортосундагы байланыш элдик баатырлардын туткундалып ордо (зынданда) жаткан же жарадар болгон учурдагы оор абалын билдирген катын алыста калган элине жапайы каз, торгой, көгүчкөн жеткиргендиги бир катар эпостордо салттык түрдө баяндалат. Академик В. М. Жирмунский К. к. жөнүндөгү мотивди түрк элдеринин баатырдык жомокторунда (эпосторунда) кеңири кездеше турган эң эски мотивдердин бири катары карайт. Ал эми Алтай эпосторун изилдөөчү А. Коптелов К. к-дын алтай эпосторунда болушун «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн поэтикалык чагылышы деп эсептейт.
Түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларынын баш каармандары менен канаттуулардын ортосундагы байланышты, ал гана эмес тектештиги, жакындыгы жөнүндөгү түшүнүктөрүнөн келип чыккан көз караштардын эпостордогу калдык элестери экенин мына бул маалыматтар аныктайт: алтайлыктардын «Алтай-Буучай» эпосунда эки өрдөк, хакас элинин «Судэй-Мерген» жомогунда чабалекей, «АйМерген жана Алтын кыз» жомогунда эки үкү, бурят-моңголдордун «Гэсэринде» карга, тоту куш, казактардын «Козу Көрпеш, Баян Сулуусунда» бакма кара кучкач, өзбектердин «Алпамышында» жапайы каз, «Равшанда» кара кучкач кат ташып, кабарчылык милдет аткарат. Кыргыз эпосторунда да канаттуулар кабарчылык милдетти аткаруу менен элдик ишенимде зор симпатияга ээ. Мисалы, «Жаныш, Байышта» көгүчкөн, «Эр Табылдыда» күкүк, «Олжобай менен Кишимжанда» торгой, «Манаста» көгүчкөн аркылуу кабар бериши эпостордун байыркы жомоктук-мифтик абалына байланыштуу болот. «Манас» эпосунда ушуга жакын элес Коңурбай канатына кат байлап Эсенканга жиберген Карганын, кытай чегин кайтарган тыңчы-кабарчы Куу Өрдөктүн образынан көрүнөт. Эпосто кат ташыган Көгүчкөн делбей, Карга менен алмашылган мифтик кабарчынын терс мүнөзү — анын эпикалык душмандарга кызмат кылышы менен түшүндүрүлөт. Демек, кабарчы канаттуулардын эпикалык каармандар менен болгон байланышын ошол байыркы доордогу «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн кыргыздын улуу жана кенже эпосторунда чагылган жаңырыгы катары каралууга тийиш.
С. Алиев
«Килем көчөт» келтирип, чырмак салган чийне («Манас»). Бул чырмалган же эндей чийден токулган боз үйдүн сыртынан калануучу жабуу. Анын узундугу боз үйдүн аянтына карата аныкталат. Ал эми бийиктиги чыгдан (ашкана) чийдей келет. Эки башында үчтөн алты боосу болот. Алар ыңгайына карата уукка, керегеге жана босогонун таягына байланат. Канат чийдин баш-аягы ийректелет. Эгер көркөм оюм түшүрүлсө, анда чийдин баш-аягы кара жүн менен чыбыкталат. Керегенин сыртынан калоочу чийди үйдүн чоң жана кичинесине карай эки бөлөк согот. Канат чийди кызыл, көк, жашыл, сары, ак ж. б. ар түрдүү түстөгү жүндөн түр салып чырмайт. Ал «чырмак чий» деп аталат. Чийди жибек менен да чырмашкан. Өткөн мезгилдерде 10—12канат ак үйлөргө тасма чийди да колдонушкан. Бир кылка ичке чийди «тасма чий» деген. Анда көркөм көчөт түшүрүшкөн. Жалаң ичке чийди тандап алып, түрдүү жибек менен чырмап, кооз көчөт берген. Тасма чийлерди чырмоо — татаал көрүнүш. Эки канат чийди минтип чырмап бүтүрүүгө эң кеминде 4—5 чырмакчы болжолдо 5—6 ай убакытты сарптаган. Канат чийди көркөм оюм-түр түшүрбөй, түрдүү түстөгү жип менен жыш эле чырмактап да жасашат. Аны «чыбыктоо» же «тап бердирүү» деп атайт. Канат чийге «мүйүз оюмун» бериш үчүн ар бир чийдин эсеби алдын-ала такталат. Чырмалуучу ошол бир талдын аяк-башынын чени да узга белгилүү болот. Эгер муну төрт өңдө берүүгө тийиш десек «мүйүз оюмунун» башын же анын чеке-белин так көрсөтүүдө кайсы түстөгү жүн канчанчы тал жүн аркылуу кошулат. Оюм менен ак чийдин аралыгы кандай берилет, оюмдун кылда учу менен аягы кандайча кошулат, ошондо узун-туурасы метр-бир метр сексен см. бийиктиги бар буюмдун жалпы аянтына канча тал чий, жүндүн түрүнөн канча өлчөмдө кетээрин чырмакчы баамдайт. Ар бир чырмалган тал чий белгиленип турулат. Канат чийди чырмоо жана согуу үчүн буюмдун мыкты үлгүсү катары узданууну мындан баштоо керек. Чийдин аяк-башы, адаттагыдай, кара жүн менен чырмакталып, ал «ийректелет». Эми түшүүчү көчөттүн фонуна кызыл өңдү тандообуз керек. Анан көктөн «мүйүз оюмун» бергенде, буюмдун ортосу үч бурчтук келет. Анын ичине сарыдан көчөт түшүрүп, жогоруда айткан ушул шарттуулук дал өзүндөй кайталанат. Кызыл менен көктүн айрым жерлери сары өң аркылуу жээктелет. Ал андан бетер жүзүн ачат. Адатта, чий буюмдарына түшүүчү көркөм оюм-көчөттөр бурч чыгарылып, сындырылып түшкөндүктөн «мүйүз уюмдарынын» башы «бармак боочу оюму» баштанып калуусу да ыктымал. Мына ушундай канат чийдин өзүн жогорудагы үч өңдү айкалыштырбай эле ак-кара аркылуу да берүүгө болот. Мындай бири-бирине карама-каршы эки өң өтө «алачакмактанып» калат. Болбосо, кара ийректен кийин канат чийдин жээгин сарыдан берип, буюмдун четтигине кызыл-кара «бадамча оюмун» түшүрүп, анан «салбай оюмун», «табак оюмун», «омуртка оюмун» келтирүү салтка айланган. Мындай көрүнүш Нарын аймактарында кулач жаюуда. Мында оюм көчөттөрдүн ортолору омурткаланып, өз ара шуруланып, «тап бердирилип», төрт бурчтук, тумарчаланып, кошуу ( + ) белгиси өңдөнүп, «ала мончоктолуп» турат. Көркөм буюмга «ала мончок» берүү көбүнчө чий чырмакчылыкка, өрмөкчүлүккө жана килемчиликке бөтөнчө таандыктай туюлат. «Тап бердирүү» — буюмдун өңүн буруу жана ачуу, айрым жерлерине өзүнчө өзгөчөлөнгөн ачык белги берүү. Маселен, чийди чырмап чыбыктап, аны ак чийге аралаштыра токуу, өрмөктү эндей таар согуп баратып, айрым жерлерине түр түшүрө чалып кетүү, токулуп жаткан килемдин бир өңчөй жерлерине башка өң келтирүү жана башка ушул өңдүүлөр — тап бердирүүнүн ачык далили. Жоон чийди жүн менен чырмоо тасма чийге караганда оңой болгон. Жалпы эле көчөтү бар чий үйдүн ички жасалгасына кошумча кооздук берип, жайдын күнү үйдүн ичин чандан коргоп салкындаткан. Кыштын күнү сууктан сактаган. Үйдүн эптүү тигилишине шарт түзгөн. Чий чырмалса, чырмалбаса да кыргыздар чийсиз боз үй тикпеген. Анткени, чийсиз боз үй коолдоп, ички көрүнүшү жоголуп, ысыкты да, суукту да өткөрө берет. Кыргыздарда «Кереге чийдей болбойт, келин кыздай болбойт» — деген кеп бар. Үйгө калана турган чийдин бийиктиги орто эсеп менен 1,50—1,70 см. болот.
Чоң жоготууга же кырсыкка учуроо, мүңкүрөп калуу. Минтип канатым кайрылып колго түшүп калдым (Осмоналиев). Жакшы шакирттериңден ажыраганыңда бир канатың кайрылып үрпөйгөнсүң (Бейшеналиев) Үмүттүн канаты кайрылды, кайгы бир жагынан, жокчулук бир жагынан куушурду (Ашымбаев).
Чоң жоготууга же кырсыкка учурап мүңкүрөп калуу, мурдагы абалындай боло албай өксүп калуу. Дөгүрсүгөн эр Коңур, Дөөлөрүнөн айрылып, Канаттары кайрылып («Семетей»). Минтип канатым кайрылып колго түшүп калдым (Осмоналиев). Жакшы шакирттериңден ажыраганыңда бир канатың кайрылып үрпөйгөнсүң (Бейшеналиев). Үмүттүн канаты кайрылды, кайгы бир жагынан, жокчулук бир жагынан куушурду (Ашымбаев). В.: Канаты сынуу. Карып калган кезимде, Канатым сынып какшадым (Осмоналиев).
Коргоо, жакын көрүү, көз салып жүрүү. Дайыма канатына калкалап, жакынсынып, ар кандай сынактан өткөргөн (Медетов). Анан ушу киши канатына калкалап, бооруна кысып, китеп кап сатып берип турганы баланы эреркетип жиберди (Айтматов). В.: Канатынын алдына калкалоо. Мына бул өйдө чекти уругун жөн эле канатынын алдына калкалап бакпадыбы (Бердикеев).
Коргоо, жакын көрүү, көз салып жүрүү. Дайыма канатына калкалап, жакынсынып, ар кандай сынактан өткөргөн (Медетов). Анан ушу киши канатына калкалап, бооруна кысып, китеп кап сатып берип турганы баланы эреркетип жиберди (Айтматов).
Кырсыкка учуратуу мүңкүрөтүп коюу. Байларга тең ата болом деп айтыша кетсең канатыңды кайрып коёт (Сыдыгалиев). В.: Канатын кыркуу. Салкынайдын өмүрүн мен кыйбасам, бул күнгө түшпөйт эле, канатын мен кырккан экенмин (Абдукаимов).