КАНАТТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Канаты бар, канатчан. Канаттуу кушка тил кирип, Мукам-мукам үндөгөн (Барпы). Унутуп ачык бойдон койгон эле, Сулууну канаттуу дөө ала качты (Үмөталиев). 2. Жалпы эле куштар. Канаттуулар фермасы. Канаттуу учуп өтпөгөн, Көйкөлүп шибер өспөгөн (Турусбеков). Жүгүргөндө жаныбар, Канаттуу качып кутулбайт («Манас»). 3. өт. Учкан куштай тез жүгүргөн күлүк. Куюндар менен жарышып, Канаттуу тулпар дегизген (Токомбаев). Сөзүмө кулак салыңыз, Канаттуу кара бээңди, Чалгынга минип алыңыз («Эр Төштүк»).