КАН I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Денеде тамырлар аркылуу айланып жүрүп, клеткаларды азыктандыруучу жана андагы заттарды алмаштыруучу кызыл түстөгү суюктук. Кан тамырлары. Кан куюу. Союл тийип башына, Суу ордуна кан аккан (Токтогул). Күлчородон ал кетти, Кара курум кан кетти (Семетей»). 2. Адамдын же малдын тукуму, жаралып чыккан негизи. Каны таза, асыл тукум жылкы. Ушундай кандан бүткөн бала чиркин (Токомбаев). Бул бейбактын канында бар, атасы ушундай кежир киши эмес беле («Ала-Тоо»).