КАНГУ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАНГУ — этноним. Эпосто кытайлардын бир уруусу. Чоң казат мезгилинде чалгынга барган Алмамбет менен Сыргак жылкы айдаган Карагулга жолугушат. Ошондо Алмамбет аны алдап колго түшүрүш үчүн өзүнүн кимдигин жашырып ага мындай дейт:
Шаарым менин Чынмачын,
Жайымды менин тыңдагын.
Кангулардын калкымын.
Бакбурчунга падыша
Бир атадан жалкымын (Сагымбай Орозбаков, 4. 279).
Шаарым менин Чынмачын,
Жайымды менин тыңдагын.
Кангулардын калкымын.
Бакбурчунга падыша
Бир атадан жалкымын (Сагымбай Орозбаков, 4. 279).