Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мал көп союлуп, эт-аш көп болгон, бака-шака түшкөн көрүнүш. Казан асып, эт салган, Канды булоон эл көрдүм («Эр Табылды»). Канча малды кырышып, Канды булоон кылышып (фольк.). Канды булоон союлган малдын саны жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мал көп союлуп, эт-аш көп болгон, бака-шака түшкөн көрүнүш. Канча малын кырышып, Канды булоон кылышып («Манас», С. О.). Казан асып, эт салган, Канды булоон эл көрдүм («Эр Табылды»). Канды булоон союлган малдын саны жок (Сыдыкбеков). В.: Кандуу булоон. Тандап союп кандуу булоонго киришет (Осмоналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАНДЫ-ТОО — топоним. Манас төрөлгөндөгү жентек тою К.-Т-нун оюнда өткөрүлөт. Ал эпосто:
Канды-Тоонун оюна,
Кара-Суунун боюна,
Карап тургун калайык
Кан Жакып кылган тоюна (Сагымбай Орозбаков, 1. 79),
— деп Алтай чөлкөмүндөгү тоо катары сүрөттөлөт.