КАНАЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Суу жүргүзүү же дарыя, көл, деңиздерди бири-бири менен байланыштырып, кеме жүргүзүү үчүн атайын жасалган чоң арык, алыш, өстөн. Кеме жүрүүчү канал. Сугат каналы. Чоң Чүй каналы. Эчен жаңы каналды алдык дайрадан, Суусуз чөлдөр гүл термешип жайнаган (Калык). Электр кубатын алыш үчүн каналдарды казабыз (Убукеев). 2. Бир нерсенин ичиндеги түтүк сыяктуу көңдөй, сай.