Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Зар кагуу, зарлаган кейиштүү абалда болуу. Кан какшап басмачынын азабынан, зарлады муңга батып далай бейбак (Шамшиев). Көп сандаган үй-бүлөлөр кан какшап, багар-көрөр кишиси жок темселеп калышты (Абдукаримов). Байкуш Сабира жегени желим, ичкени ирим болуп, кан какшап жүргөн имиш (Абдукаримов). 2. Кайра-кайра, улам-улам айта берүү. Кетип жатат туш-тушка, кан какшап үгүттөп отуруп ээ боло албай жатабыз («Ала-Тоо»). Энеси машинага чыгып, Тарастан айрылба деп ыйлап, Ленага кан какшап айткан (Баялинов). 3. Зыркырап-сыздап ооруй берүү, жан кейите аябай ооруу. Бүгүн менин буту-колум кан какшап ооруйт, күн бүркөө болгондуктан болсо керек.