Киргизско-русский словарь Юдахина
кантала I
ир.
клоп.
кантала- II
покраснеть, получить кровоподтёк (напр. от побоев); налиться кровью (о глазах от долгого сна или злобы);
бети канталаган у него лицо в крови;
башы, көзү канталап, качып барат анталап фольк. голова и глаза его окровавлены, он стремительно бежит.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Башка организмдин канын соруп жашоочу кичинекей мите. Кантала, бүргө уктатпайт, Сүлүктөй сорду канымды (Бөкөнбаев).
КАНТАЛА II этиш. Кызарып калуу, кан тамырларына кандын жайылып, таралышынан билинип, кызарып көрүнүү. Бүлөөдөй болуп жонубуз канталады (Турусбеков). Анын эки көзү канталаган кыпкызыл (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу нерсенин тийишинен, кан тамырлары жарылып, кандын жайылышынан улам дене кызарып көрүнүү. Аттын тиши тийген жерди чечип көрдү, канталай түшүптүр (Байтемиров). Кызарып бети канталап, Коңурбай турат анталап («Манас»). Көзүнүн агы кыпкызыл болуп канталап турганын байкады («Ала-Тоо»).