кит.
трубка (курительная);
канжа тарт- курить трубку.
зат. Уч жагында тамеки салуучу кичине чөйчөкчөсү бар, оозго салуучу жагы ичкерээк келген тамеки тарткыч аспап, мүштөктүн бир түрү. Оозунда канжа бурулдап («Эр Табылды»). Жезекчиси көрүнөт, Канжанын оту жылтылдап («Эр Табылды»).
Тамеки салып тарта турган түтүктү билдирген бул сөз кытай тилинен кирген: канжа < ганцзы (Манас энциклопедия 1 1995:223). Алиги алтын канжанын, Аз болгондо капырай, Он жети байтал баасы бар» (Сагымбай Орозбаков).
КАНЖА (кыт. ганцзы) — тамеки салып тарта турган түтүк. Эпосто көбүнчө кытай-калмак баатырларынын (мисалы, Макел дөө, Коңурбай) түрү сууктугун, алптыгын көрсөтүү үчүн алардын өздөрүнө таандык опсуз зор буюм катары сүрөттөлөт.
Капчыгынан бу доңуз
Канжасын сууруп алганы,
Канжасына салганы
Алтымыш чейрек тамеки,
Аз бөксө болуп калганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 233).
Эпостогу сүрөттөөлөр боюнча К. колодон, алтындан жасалат: «Алтын найлуу чоң канжа, Жаткан экен дат басып, Найын жарып ат басып» (Сагымбай Орозбаков, 4. 276—277). Мындай К-нын баасы кымбат экени төмөнкү эпостун саптарынан көрүнүп турат: «Алиги алтын канжанын, Аз болгондо капырай, Он жети байтал баасы бар» (Сагымбай Орозбаков, 4.277). К-ны кыргыздар да колдонгондугу белгилүү. К. кыргыз тилине кытай тилинен кирген. Бул болсо кытай эли менен кыргыз элдеринде революцияга чейин маданий карым-катнаштардын болгондугун айгинелеп турат.
Тамеки салып тартууга ылайыкталган чөйчөкчөсү жана түтүгү бар, мүштөк сыяктуу буюм. Келин, кыздын ортосунда жылмайып, Кант карыя буркуратат канжасын (Токомбаев). Оозунда канжа бурулдап («Эр Табылды»). Алтын найлуу канжага («Семетей» С. К.).
этиш. Көбүнчө бети-башы, оозу-мурду кан болуу.
то же, что кан жала- (см. кан I).
Урушканда, мушташканда же бир нерсеге урунганда оозу-мурду кан болуу, каноо. Тигине, ошон үчүн душмандын оозу-мурду канжалайт («Ала-Тоо»).
канжала этишинин аркылуу мамилеси.
то же, что кан жалат- (см. кан I).
канжала этишинин аркылуу мамилеси. Датканын албуут энеси мурдумду канжалата койду (Токомбаев).
зат. Курал катарында пайдалануучу эки миздүү, учтуу чоң бычак. Канжар менен Канкорлордон, Кан жуткуздум канчаны (Нуркамал). Жеңине каткан канжарды Чыгарып колго алды эми (Үсөнбаев). Калканды баштан жулушуп, Канжар менен урушуп («Эр Табылды»).
ир.
кинжал;
канжар кол сказочный человек, который ребром ладони или концом плотно сложенной вытянутой пятерни может пронзить коня, верблюда и т.п.
КАНЖАР — кооз кыны бар, кош миздүү, болоттон жасалган өтө курч бычак, эпосто көбүнчө согушта колдонулган курал катары сүрөттөлөт: «Канжарлуу канжар алышты, Капташып кетип эки кол, Кайрыла албай калышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 139). Ошону менен катар эпосто К-ды уруш маалында гана эмес, күндөлүк турмушта ар бир адам (аял киши деле) тагынып (байланып, асынып) жүрө турган коргонуч курал катары айтылат. Мисалы, Манас Каныкейге күйөөлөп барып, анын койнуна жашырнып кирмек болгондо Каныкей канжарлуу жүргөнү сүрөттөлөт: «Айтып аны кан кызы, Атемирдин жалгызы Алды канжар колуна» (Сагымбай Орозбаков, 2. 402). Археологиялык казуулардын негизинде К. кыргыздарда да болгону аныкталган. Араб тилинен алынган К. деген сөз «Манас» эпосуна кыргыздар Орто Азия аймагына келгенден кийин кирген болуу керек.
Эки жагы миздүү келген, саюуга колдонулуучу чоң бычак. Жонуна келип күрс этти канжар, Оргуштап агып төгүлдү кандар (Осмонов). Колуна канжар алып, Белине балта байланып (Борбугулов).
(канжарла-)
ударить кинжалом, нанести рану кинжалом.
КАНЖАР КОЛ — жоокерлердин куралсыз мушташа билген тобу. Эпостогу кытай аскерлеринин бул түрү жаш кезинен атайын машыктырылат, машыгуусун адегенде эң жөнөкөй дене тарбия (гимнастика) жасоодон баштап, бара-бара дем алуунун ар кандай ыкмаларынын жардамы менен бүт ой-дилин, энергиясын, күчүн жана бардык салмагын денесинин белгилүү бир бөлүгүнө (бут, кол, чыканак, тизе, чеке, жамбаш, ич, манжалардын учу жана башкалар) топтой алууга үйрөнүшөт; ылайды, дубалга кадалган кийизди, тактайды ургулап-тепкилөө жана туура дем алуу, ой-дил мүмкүнчүлүгүнүн ачылбай жаткан ички жигерин пайдаланууга багыттап машыгуунун натыйжасында жоокердин буту-кол, чыканак, тизе, чеке, ич, манжалардын учтары жана дененин башка бөлүктөрү уруш маалында таштай катуу же өзгөчө ийкемдүү абалга келет. Абдан машыгып, дасыккан жоокерди сайган найза, чапкан кылыч сынып калган учурлар болот. Мындай жоокерлер арстан, жолборстун акырегин оңой эле сындыра тээп, буура, бука, айгырдын курсагын колунун учу менен жыра сая алышкан. Эпостун «Манас» бөлүгүндө К. к-дор калмак, кытайлардын баскынчы жортуулдарына катышкан аскерлердин (жоокерлердин) тобу сүрөттөлөт: «Темир аркан торчону Каптап уруш салды эми. Тегиз канжар колчону Тегиз кирип урушту» (Саякбай Каралаев, 1.89).
С. Карагулов