КАНДУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Каны бар, кан жуккан, канга боёлгон, кан аралаш. Оронуп жатып тердерге, Эчкинин кандуу тери бар («Эр Табылды»). Колго түштүм күнөөсүз, Кубардың кандуу кызыл жүз (Токтогул). Жесе, жебесе да бөрүнүн оозу кандуу (макал). 2. Кан төгүлгөн, кыргындуу, кырылган. Ким акмак, ким акылман экенин кандуу казат көрсөтөт, мырзам! (Турусбеков). Тынчтык күндүн тынбай турган иши бар, Кандуу күндүн камчы тактай изи бар (Осмонов).