Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көргүлүктү көрсөтүү, катуу кайгыга салуу, абдан кыйноо, өтө жакын адамдарынан ажыратып, чоң кырсыкка дуушар кылуу. -Суусунбу? Кан жуткурам сага! (Осмоналиев). Калпа көркоо калкка кан жуткуруп, кайгыга чөмүлтүп жаткан тура (Бейшеналиев). Көркооңдун көзүндө огу болсо мени кан жуткуруп атууга белен (Бейшеналиев).