Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандуу майданга катышуу, кан төгүлгөн катуу согушта болуу, урушта болуу. Мен мында курал кармап канды кечип, Салыштым душман менен эчен ирет (Абдыраманов). Кан кечсек өз-өз ара болдук жөлөк, Бир гана жеңсек дейбиз ой жок бөлөк (Абдукаримов). В.: От кечүү. От кечип кан майданда болдук эчен (Турусбеков). Өрт кечүү. Өрт кечип, көрбөгөндү көрүп, аман келген экен, кайран досум («Ала-Тоо»).