КАНЖЫГА
Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева«Канжыгасы кабат», «Куу канжыга» (эл сөзү). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ат үстүндө ар кандай нерсени байлануу жана бөктөрүү үчүн ээрдин арткы эки чагаракка «чаян түйүлгөн» жарым кулачтай ичке кош кайыш. Аны ийленген кайыштан тилет да, кез-кез майлап турат. Көчкөндө бешикти, же баланы өзүнчө өңөрүүдө аялдардын ээринин эки капталынын алдыңкы четине да атайын жазы кайыш тагылган. Олжолуу адамды «кош канжыгалуу» деп айтат.