сука;
ала канчык шыбыргак см. шыбыргак 2.
зат. Иттин, карышкырдын ургаачысы. Сары канчык эшиктин түбүндө жаткан экен (Сыдыкбеков). Канчык карышкыр тарс эткен сайын.. качууга аракет кылды (Жантөшев).
канчык, канчыгы, кан чыкка
1. Иттин, карышкырдын ошондой эле ит тукумдарына кирүүчү айбандардын ургаачысы. Көк дөбөт менен сур канчык үрүп, буларды көздөй чуркашты (Баялинов). Куу канчык тумшугун көтөрүп, улуп-уңшуп коёт («Ала-Тоо»). Канчык карышкыр тарс эткен сайын качууга аракет кылды (Жантөшев). 2. өт. Аял кишини тилдөө, жемелөө учурунда колдонулат.