КАНЫШАЙ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАНЫШАЙ — эпизоддук кейипкер. Ооган каны Түлкүнүн кызы, Бокмурундун жубайы. Оогандар тейит менен катаганды чаап алып, Кошойдун баласы Аликени өлтүрүп кеткенде эл Манастан жардам сурайт. Согушта оогандар жеңилип, Түлкүнүн иниси Акун колго түшүп калат. Акундун өтүнүчү боюнча эки эл жарашып, Акун Ооганга кан болот. Ошондо Бокмурун Канышайды жактырып калып, Манас куда түшөт. Бокмурун К-ды алганы кеткенде атасы Көкөтөй дүйнөдөн өтүп, баласы аялы менен өлүктүн үстүнөн чыгат. К. кайнатасына кайгырып ыйлап, ошондон «келиндин аягынан, койчунун таягынан» деген ылакап айтылып калган делет эпосто (Сагымбай Орозбаков, 2. 439; 3. 9— 10, 19, 20, 27, 28).