Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өңү кубарып-кумсарып кетүү, купкуу болуп кетүү (катуу корккон, ачуусу келген абалга карата). Эмне кыларын билбей каны качып, калтаарып туруп калды («Ала-Тоо»). Каны качкан Эсир тиштенди (Осмоналиев). 2. Абдан арыктоо, эти качуу. Кемпир тарбайып каны качкан колдорун серепчилеп бир нерсени караган болот (Сыдыкбеков). Малдыбайдын каны качкан өңүн бир карап алды да, Сейитке шашпай сөз узатты («Ала-Тоо»). 3. Кургай түшүү, тоборсуу (көбүнчө жыгач же башка өсүмдүктөргө карата). Тээтиги каны качкан карагайдын түбүнө барып токтогула («Кыргызстан маданияты»). В.: Каны-сөлү качуу. Каны-сөлү качып, калчылдап туруп берди (Сыдыкбеков).