КАНЫ КАЙНОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ачуусу келүү, чыдамдуулугун жоготуп, кыжыры кайнаган абалда болуу, катуу кызу-уланып кетүү. Менин каным кайнап, жанымды коёрго жер таппай турганымды командир билди (Өмүрбаев). Сокур намысы тээп чыккан Шаршеналы Асылбектин айтканын уккандай да болгон жок, каны кайнап, эшикти тарс жаап чыгып кетти (Абакиров). Эдигей болсо чыдай алчу эмес, талашып тартышып, кызаңдап каны кайнап кетчу (Айтматов). Мындай сөздөрдү укканда каны кайнап, муштумдары түйүлчү (Айтматов).