Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуусун келтирүү, кыжырлантуу, каарын козгоо. Ал тургай кол мылтыгынан ок чыгарууга чейин барышы тигилердин бир жагынан канын кайнатса, экинчи жагынан ойлонтпой койгон эмес (Медетов). Эр намысы канын кайнатып, Жалийге сыпаа какшык жылдырды (Бейшеналиев). Сыртынан билгизбегени менен көөдөндө кур санаа буркан-шаркан түшүп, канын кайнатты (Ашымбаев). В.: Канын кызытуу. Анын кычык сөздөрү канымды кызытып, өзүмдү араң токтоттум («Ленинчил жаш»).