Киргизско-русский словарь Юдахина
1. как; какой;
кандай болбосун так или иначе;
кандай да болбосун как бы то ни было; какой бы то ни было;
кандай гана болбосун любыми средствами; в любом случае;
кандай болсо да
1) во всяком случае, при любых условиях, так или иначе;
2) хоть какой-нибудь;
мейли кандай болбосун ладно, хоть какой-нибудь;
кандай кылсаң да любым способом (ты);
барганыбыз кандай, барбаганыбыз кандай? пойти нам или лучше не ходить?
кимге кандай кому как, на чей взгляд;
кандайдыр бир иш менен келсе керек он, нужно полагать, прибыл по какому-то делу;
2. с предшеств. прич. прош. вр. в местн. п. да ещё как!;
билгенде кандай! да ещё как знает-то!;
жакшы көргөндө кандай! да ещё как любит-то!
кандайлык отвл. от кандай;
кандайлыгын билбеймин я не знаю, каков он (каково оно и т.д.); не знаю, что и почему;
кандайлыктан почему, по какой причине;
кандайлыктан талганым, билинбейт менин өзүмө фольк. почему я обмерла, мне самой невдомёк;
Коңурбайдын айласы, кандайлыгын билгизди фольк. хитрость Конгурбая показала, каков он.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
ат. 1. Бир нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин билүү үчүн берилүүчү суроо. Искендер, дарманың кандай? (Турусбеков). Топозтун эти кандай болот, Медер ата?!деди Акбар (Убукеев).
  1. 2.                  өт. Бир нерсени экинчи нерсеге салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат. Боз тамдын сырты кандай жарды болсо, ичи да ошондой эле (Сыдыкбеков). ..Жомокто айтылган бөз баштык кандай болсо, биздин чанач нак ошондой (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  өт. Таңданууну, суктанууну билдирген учурларда колдонулат. Кандай ысык, кандай жакын өскөн жер! (Аалы).

Алда кандай к. алда II. Ар кандай — ар түрдүү. Алтыбайдай калмакка Ар кандай кызмат кылгансың («Эр Табылды»). Эч кандай — эч бир, түк, кенедей да. Эч кандай табып анын оорусуна дары таба албады (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин, жөнүн, абалын же башка белгилерин билүү үчүн берилүүчү суроо. Кандай бала болгонсуң? Кандай окуяга туш келер экенбиз? Элиңдин түрү кандай? (Турусбеков). Жаңы эжекемдин обону кандай чыгар экен? (Сыдыкбеков). 3. Бири-бирине окшоштуруу, жалпылыгы бар нерселерди өз ара салыштыруу иретинде колдонулат. Жомокто айтылган боз баштык кандай болсо, биздин чанач так ошондой (Сыдыкбеков). Боз тамдын сырты кандай жарды болсо, ичи да ошондой эле (Сыдыкбеков). 4. Бир нерсенин жөнүн, абалын, сапатын ж. б. өзгөчө белгилеп көрсөтүү (күчөтүү, ашкере жогорулатуу же төмөндөтүү) же ага суктангандыкты, таң калгандыкты билдирүү үчүн айтылат. Кандай ысык, кандай жакшы өскөн жер! (Токомбаев). Кандай мыкаачы адамдын колунан келди экен? – деп, балдар көгүчкөндүн абалына кейип жатышты («Жаш ленинчи»). Биз жашаган доор кандай шаттуу, кандай ыракат! («Ала-Тоо»). Кыял деген кандай жакшы (Сасыкбаев). 7. «Эч», «ар», «алда» деген сөздөр менен айкашып, тануу, жалпылоо, күдүк (белгисиздик) маанидеги ат атоочторду уюштурат. Айганыш эч кандай суроо берген жок (Байтемиров). Ар кандай кишилерди көрөсүң, ар кандай иштердин жөнүнө түшүнөсүң («Чалкан»). Алда кандай бир булут, Пайда болуп калганы («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
ат. Эмнегедир, эмне үчүндүр. Аттардын.. топ-топ болуп жайылышы.. кандайдыр бир сонун сыяктанат (Жантөшев). Ызакул кандайдыр бир иш менен сыртка чыгып кеткен экен (Бейшеналиев). Зарыл.. кандайдыр бир дүрбөлөңдүү окуя башталганын байкады (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Нерсенин жөнүн, кандай экендигин, канткендигин билүү үчүн берилүүчү суроо. Жолоочунун бул кандайча шылдыңы? (Осмонов). Силер биздин айылдагыларга кандайча туугандашып, кеткендигиңер жөнүндө уксак дейбиз («Чалкан»). Менин иштериме кандайча кызыгып калганың түшүнө албадым («Ала-Тоо»). Бул кандайча иш болуп калды? Мунун жөнүн билген киши барбы? Менин кандайча тиешем бар буга? («Чалкан»).