Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Кыргыз тилинде канкор деген эки омоним сөз бар. Биринчиси кан деген сөзгө иран тилдериндеги –кор мүчөсүнүн жалганышы менен жаралып, «кан ичер, кан ичкич» деген маанини билдирет: «канкор I кирг.-ир. кровожадный, жестокий; кровопийца, хищник; кара сууга кан куйган бир канкорду тууган белем дейт фольк. она, как посмотрю, родила кровожадного, который проливает кровь (букв. который льёт кровь в воду)» (Юдахин 1965:340). Экинчиси «баатыр» маанисин туюндурат жана монгол тилдеринде «хонгор» деген паралелли бар: «канкор II (обычно смешивается с канкор I, см.) молодец, храбрый, герой (часто встречающийся эпитет богатыря Манаса; ср. монг. хонгор); канкор болсоң, шер болсоң, тууганга көздү салыңыз фольк. если ты молодец, если ты богатырь (букв. лев), окажите внимание родичу» (Юдахин 1965:340). Жогоруда белгиленгендей, айрым учурда бул эки омонимдин маанилери чаташып кетет. Мисалы: Кан ичип жүрүп катыгат, Өзү канкор Манас аталат (СК 1:124). Айрым окумуштуулардын ою боюнча, «Манас» эпосундагы Коӊурбайдын аты жогорудагы «хонгор» сөзү менен байланыштуу.