Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАН-ЖАЙЛАК — топоним. Алмамбеттин атасы Азизкандын жайлоосу. Баласыз Азизкандын жакын туугандары Алооке уулу Коңурбай, Эсенкан уулу Бөрүкөз аны басмырлап К.-Ж-ты тартып алышат. Буга арданган Азизкан карыганда кайра үйлөнүп, ал аялынан Алмамбет төрөлүп, эрезе тартканда аны Коңурбайга өч алууга жиберет (Саякбай Каралаев, 2. 101 —137). Чоң казат мезгилинде кытай чек арасындагы К.-Ж. аттуу белди Коңурбайдын укмуштуу жаныбарларынын бири Куу түлкү кайтарып, кабарчылык милдет аткарат. Эпосто чай алуучу тоонун тумшугу катары сүрөттөлөт:
Билген жанга ал тумшук
Кан-Жайлактын бели ушул
Кароолго койчу түлкүнүн
Качып кетер жери ошол (Саякбай Каралаев, 2. 126).