КАНКОР II
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эпостук чыгармалардагы оң каармандардын баатырлыгын, эрдигин билдирүүчү туруктуу эпитет. Канкорум деп, шерим деп, Көргөнү келдим ой, аба! («Сейтек»). Канкоруң атаң Манастын Калтырып кеткен кылычы («Семетей»). Канкорун бүгүн көмгөнсүп, Чыңырып үндү салды эми («Сейтек»). Өзү канкор Манас аталат («Манас» С. К.).