Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Күйүмдүү адамынан ажырап оор кайгы тартуу, күйүттүү болуу. Ата-энемден тогуз жашымда ажырап, зар какшап, кан жуттум эле (Жантөшев). Кантээр айла таба албай, Кан жуткансың ичиңде (Токтогул). Кайгы аралаш кызыл кан, Жутуп турган кезидир («Семетей»). Өткөн кармашта капилеттен окко учуруп, кан жутуп ажыраган айбаттуу агасы Шеримбегин эскерткендей кабылдады (Бейшеналиев).