Киргизско-русский словарь Юдахина
канкор I
кирг.- ир.
кровожадный, жестокий; кровопийца, хищник;
кара сууга кан куйган бир канкорду тууган белем дейт фольк. она, как посмотрю, родила кровожадного, который проливает кровь (букв. который льёт кровь в воду).
канкор II
(обычно смешивается с канкор I, см.)
молодец, храбрый, герой (часто встречающийся эпитет богатыря Манаса; ср. монг. хонгор);
канкор болсоң, шер болсоң, тууганга көздү салыңыз фольк. если ты молодец, если ты богатырь (букв. лев), окажите внимание родичу.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Кыргыз тилинде канкор деген эки омоним сөз бар. Биринчиси кан деген сөзгө иран тилдериндеги –кор мүчөсүнүн жалганышы менен жаралып, «кан ичер, кан ичкич» деген маанини билдирет: «канкор I кирг.-ир. кровожадный, жестокий; кровопийца, хищник; кара сууга кан куйган бир канкорду тууган белем дейт фольк. она, как посмотрю, родила кровожадного, который проливает кровь (букв. который льёт кровь в воду)» (Юдахин 1965:340). Экинчиси «баатыр» маанисин туюндурат жана монгол тилдеринде «хонгор» деген паралелли бар: «канкор II (обычно смешивается с канкор I, см.) молодец, храбрый, герой (часто встречающийся эпитет богатыря Манаса; ср. монг. хонгор); канкор болсоң, шер болсоң, тууганга көздү салыңыз фольк. если ты молодец, если ты богатырь (букв. лев), окажите внимание родичу» (Юдахин 1965:340). Жогоруда белгиленгендей, айрым учурда бул эки омонимдин маанилери чаташып кетет. Мисалы: Кан ичип жүрүп катыгат, Өзү канкор Манас аталат (СК 1:124). Айрым окумуштуулардын ою боюнча, «Манас» эпосундагы Коӊурбайдын аты жогорудагы «хонгор» сөзү менен байланыштуу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАНКОР — Манастын кайратмандыгын, эр жүрөктүүлүгүн, казаттарда жеңилбестигин туюндурган баатырдык эпитет. Бул терминдин мааниси абдан кенен. К. моңгол тилинде «хонгор» деп айтылып, сүйкүмдүү, аздек, ажарлуу, даңктуу деген маанилерди билдирет. Калмак тилиндеги «кангор» кыргызча — баатыр. Б. Юнусалиев манасчылар тарабынан К. бурмаланып, «кан ичкич» маанисинде да айтылып калгандыгын белгилеген (Б. Юнусалиев, Тандалган эмгектер, 1985, 441). Моңгол фольклорун изилдөөчү Г. О.Санжеев «Манас» эпосундагы К-ду моңголдун «хонгор» деген сөзүнөн алынгандыгын белгилейт. Академик В. В. Бартольд иран тилинде да «Хункор» деген сөз «төрө» же «башчы» деген мааниде колдонулгандыгын көрсөткөн. К. «кан ичер» деген мүнөздөмө түпкүлүгүндө каймана, ошондой эле түз маанисинде болгон деген көз караш бар. Бул көз караш боюнча адам көп кудайга сыйынган доордо К. кудай деген түшүнүк болушу мүмкүн. Байыркы адам кудай кан менен оокат кылат деп ишенген, кудайга арнап курмандыкка адам, кийинчерээк мал чалган. Эпостун азыркы күндөгү айтымдарында да «кан ичмеси кармады» деген сыпаттама көп учурайт. Кара жини кармаганда эч кимге ээ-жаа бербей, кишини тааныбай калат, кан төкмөйүнчө эсине келбейт. Мунун баары бир кездеги «кан ичер» кудайдын образынын белгилеринин калдыктары. Манас манихей дининин кудайларынын пантеонуна кирген деген көз караш да бар.
С. Алиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамга ырайымы жок мыкаачы, кан ичкич. Кантип чыдап жатабыз, Канкорду кармап сойбосок (Тоголок Молдо). Канкор, кааласаң бышырып же (Токомбаев). Сейит бычак салыптыр дейсиңби? Эй, канкор, бузуку! (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эпостук чыгармалардагы оң каармандардын баатырлыгын, эрдигин билдирүүчү туруктуу эпитет. Канкорум деп, шерим деп, Көргөнү келдим ой, аба! («Сейтек»). Канкоруң атаң Манастын Калтырып кеткен кылычы («Семетей»). Канкорун бүгүн көмгөнсүп, Чыңырып үндү салды эми («Сейтек»). Өзү канкор Манас аталат («Манас» С. К.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
канкордук I
кровожадность, жестокость;
кесейин, канчык, тилиңди, канкордугуң билинди фольк. я тебе, сука, отрежу язык, твоя кровожадность выявилась.
канкордук II
храбрость, неустрашимость, геройство.