Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тез, дароо, ошол замат, арыдан-бери. Ошондон кийин тишимдин ооруганы кан буугандай басылды («Чалкан»). Бул ишти кан буугандай токтотууга болот (Жантөшев). Карым-катыштын кан буугандай басылып калышы, Суусардын ичин туз куйгандай ачыштырды (Бердикеев). Өзү бүтүм чыгарды, өзү баарын кан буугандай токтотту, бирок Эдигейди ойлободу (Айтматов).