Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Токтоло элек, өкүм, чогоол, жеңил. Каны суюк балдарга Атышарга жаа бербе. Каны суюк жаш бала, Кагыша кетип жүрбөсүн (фольк.). Бала баатыр жалгызым, Каны суюк жаш бала («Курманбек»). 2. Кыялы чатак, албуут, опурулма, кызуу кандуу. Каны суюк Токбай уулу (Бектенов). Кээ бир каны суюк кишилер чыдай албай кулагын басатко? (Байтемиров).