Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу кыргын болуу, кан төгүлүү. Таңга маал катуу атышуу болуп, кан күйүп кетти (Сасыкбаев). Кан күйүп, кырчылдаш күчөгөн кезде баруусу зарыл (Бейшеналиев). Тыякта жер өрттөнүп, кан күйүп жатса, буякта шапар тээп, сайраңдап жүргөндөр бар (Абдукаимов).