канартаранчылар; Канар аралындагы жакшы сайроочу кооз таранчылардын бир уруусу, булардын кыйла түрү бар: канарейка дикая — жапайы канартаранчы, к. домашняя — бакма канартаранчы, к. европейская — Европа канартаранчысы, к. лесная — токой канартаранчысы.
КАНАР-ТОО — топоним. Манасты чаап алмак болуп көп кол менен аттанган он бир Дуу-ду сары ногойлордун Эштегине К.-Т-до жолугуп токсон төрт күн уруш кылып жеңилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 10).