то же, что канаат;
каниет кыл- удовлетворяться;
оттоп, каниет кылбаган сугалак мал прожорливая скотина, которая не насыщается подножным кормом;
алар бул акчаларга каниет кылган жок этой суммой они не были удовлетворены (букв. они этими деньгами не удовлетворились).
зат. Алымсынгандык, ыраазы болгондук. Мейман.. алдыга келген даамга каниет кылды (Касымбеков). Колуңда барына каниет кылсаңчы (Бейшеналиев). Калкымды көрдүм — каниет (Токтогул).
каниет (каныет эмес), канаат
каниет кыл-
канаат менен бирдей. Берген кезде тилегиңди Жараткан, Каниет кылуу сенин жообуң ага айткан (Баласагын). Кечке көк оттоп каниет кылбаган сугалак малды көр? (Сыдыкбеков). Жакшы адамга бир эле жолугуп, маектешүү канчалык жаныңа каниет (Бейшеналиев). Өткүрмүш – байлыкка, мансапка кызыкпас, кумарга алданбас каниет ысымы (Сыдыкбеков).
этиш. Алымсынуу, ыраазы болуу, каниет кылуу. [Токобай].. өз үйүнө келип, өлөң төшөгүн басканга каниеттенип тынч уктады (Каимов).
каниеттен-, каниеттенбе-,
каниеттенген
канааттан менен бирдей. Токобай өз үйүнө келип, өлөң-төшөгүн басканга каниеттенип, тынч уктады (Каимов).
каниеттен этишинин кыймыл атоочу.