КАН ИЧКИЧ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Киши өлтүргүч, канкор, ырайымсыз, мыкаачы, зулум. Эгерде комсомол, бул кан ичкич залимдерге карты болсо, мен ага жазылып алсам болмок экен (Баялинов). Кыларын кылып коюп кан ичкичтер, жылмайып четте гана аман калды (Турусбеков).