Киргизско-русский словарь Юдахина
жыл I
1. год;
кем жыл простой год;
толук жыл високосный год;
чарба жылы хозяйственный год;
өндүрүш жылы производственный год;
окуу жылы учебный год;
жылдардан жыл өтуп прошли многие годы;
жылдан жылга из года в год;
колхоздун кириштери жылдан жылга өсүүдө доходы колхоза из года в год растут;
1960 жылы в 1960 году;
үстүбүздөгү жыл текущий год;
үстүбүздөгү жылы в текущем году;
өткөн жыл прошлый год;
өткөн жылы в прошлом году;
быйылкы жылы в этом году;
эчен жылы несколько (много) лет; в течение нескольких лет;
бир нече жылдар бою на протяжении нескольких лет;
жылыга или жылда ежегодно;
жыл алыс или жыл алыстап через год (не каждый год);
көрүшчү элек жыл алыс фольк. мы встречались через год;
Жаңы жылыңыз менен! (поздравляю) с Новым годом!;
2. летосчисление по двенадцатилетнему животному циклу; название годов этого цикла в последовательном порядке: 1) чычкан мышь, 2) уй корова, 3) барс барс, 4) коён заяц, 5) улуу дракон, 6) жылан змея, 7) жылкы лошадь, 8) кой овца, 9) мечин обезьяна, 10) тоок курица, 11) ит собака, 12) доңуз свинья; в южной Киргизии распространён таджикский вариант названия годов: муш, бакар или пада, палаң, каргөш, лахаң или нахаң, мар, аспи, гаспан, хамдүйнө, мурк, сакь, кук;
жыл сүр- сев. определять возраст человека по животному циклу;
жыл сүргөн киши человек, умеющий определять возраст человека по животному циклу;
жыл сүрүш- спрашивать друг друга о годе рождения по животному циклу;
жылыңды төө кыласың ты уж очень важничаешь, очень возомнил о себе (букв. ты свой год делаешь годом верблюда; название верблюда не участвует в названиях годов животного цикла);
кара жыл год без зимнего снега;
жыл кара чыкты зима (букв. год) была бесснежной;
жыл куш редко ласточка.
жыл- II
двигаться, передвигаться тихо, медленно; ползти; идти, низко пригнувшись к земле;
суу жылып агат вода течёт медленно и плавно;
акырын жылып барып конобуз потихоньку поедем и остановимся на ночлег;
боору менен жылып жатат
1) он на брюхе ползает;
2) перен. он совершенно обеднел;
боору менен жылган кедей бедняк, впавший в крайнюю нужду;
ордунан жылмагы азап он тяжёл на подъём.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Жердин Күндү бир айланып чыккан мезгили, 1-январдан баштап эсептелген он эки айлык убакыт өлчөмү. Жаңы жыл. Өткөн жыл. 1965-жыл.
  1. 2.                  Белгилүү бир күндөн тартып эсептегенде он эки айга толгон убакыт эсеби. Баламдын аскерге кеткенине эми үч айдан кийин эки жыл толот («Ала-Тоо»).
  2. 3.                  эс. Айбандардын аты менен аталган, акыркысы бүткөндөн кийин кайра баштан эсептеле берүүчү жана он экиси бир мүчөлдү түзө турган төмөнкү тартиптеги жыл эсеби: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу, 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз.

¨ Жыл сүрүү к. сүр III. Кара жыл — кар жаабай, кышында жер кара болгон жыл. Окуу жылы — окуу башталгандан тартып, жайкы каникулга чейинки окуу процесси. Окуу жылы аяктаарына аз калды (Бейшеналиев).
ЖЫЛ II этиш. Ордунан козголуу, башка жакка жылжып өтүү, башка жакка жылжып бет алуу, илгерилөө. Өөдө турар шайы жок, Жылып барат Курманбек («Курманбек»). Көзгө сайса көрүнгүс, Карыш жыла албай койдум (Байтемиров). Томсоруп колго түшкөн айыпкердей, Рейн агып калат кээде жылып (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жердин Күндү бир айланып чыгыш мезгили, 1-январдан баштап эсептелген он эки айлык убакыт өлчөмү. Он жетинчи жылында Николай тактан жылбышкан (Токтогул). Жыл жаңырып, жаңы жылга айланды (Осмонов). 2. Белгилүү бир күндөн баштап, жыл маалы болгонго чейинки он эки айга барабар убакыт. Ракман аке он бир жылы кой баккан (Осмонов). Беш жылдан соң машинада баратып, Дуушар келдим ошол жердин өзүнө (Токомбаев). 3. Кандайдыр мезгилдүү жумуш маалын, окуунун ж. б. башталып аякталган мезгилин көрсөткөн убакыт өлчөмү. Чарба жылы. Жаңы окуу жылы. Жаңы финансы жылынын башталышы. 4. Кыргыздын элдик календары боюнча он эки айбандын атына коюлган төмөнкүдөй жыл сүрүү эсеби: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу (балык), 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз. Жылымды уксам жылкы экен (Маликов). Коён жылы төрөлдү (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Багыт алып акырын козголуп жөнөө, акырын кыймылга келүү, жылжыган абалда болуу. Илбирсче Жунуш аңдып алга жылып, Баратты дөңчөлөрдү калка кылып (Токомбаев). Кой жатат төш таяна жуушап жылбай (Үмөталиев). Поезд жылып келип токтоду (Сасыкбаев). 2. Тымызын, көзгө чалдыкпаган аракетте болуу, билинбей, байкалбай жөнөп кетүү, астыртан билгизбей аракет кылуу. Канай кылмышкер кишидей үйгө жылып кирди (Турусбеков). Деги аман-эсен эле бир жакка жылып кетсек экен (Жантөшев). Жылып качты астыртан Алоокенин калмагы («Манас»). Жылып жүрүп бардык ишти бүтүрдү (Бейшеналиев). 3. Ордунан козголуп, сыйлыгышып жылбышып кетүү. Жууркандын жүнү жылып кетиптир. 4. Илгерилөө, аз-аз жылыш, өзгөрүш бар экендиги билинүү. Иши алга жылды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жылаажын, жылажын
бубенчик, бубенец (подвязывается к ногам ловчей птицы);
күлкүсү үйдүн ичине жылаажын шыңгырата койгондой болду её смех звучал так, будто в комнате зазвенел бубенчик.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Желенин орду аңгырап, Желге айтып сырын жалдырап, Жылаажын үндүү кулундун, Жүргөнүн эстеп кайгырат» (Байдылда). Желпинүү аркылуу үн чыгарып, көбүнчө алгыр куштарга тагылуучу кичинекей коңгуроо. Адатта, уук учтук боз үйдүн эшигин ачып жабууда эпкин менен термеле түшөт. Ошол эпкин менен жагымдуу үн берген жылаажынды жасоо үчүн курч темир керек. Анын ичинде тил салынат да, төбөсүнө бүлдүргө тагынат. Коңгуроо түбү ачык болот. Ал эми тай-кулунга, алгыр куштарга тага турган коңгуроонун түбү туюк келет да, кичине тешигинен жел кирип, ал үн берет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыймылдаганда шыңгыраган уккулуктуу үн чыгаруу, көбүнчө алгыр куштарга тагылуучу кичинекей шарча түрүндөгү коңгуроо. Алтын куштун бутундагы жылаажыны шыңгыр этип калды («Жомоктор»). Көнөктөй болгон жылаажын («Семетей» С. К.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. снабжённый бубенчиками, бубенцами; с бубенчиками, с бубенцами;
жылаажындуу така каблуки с бубенчиками (в старину в высокие каблуки вставлялись бубенчики);
2. перен. (о звуке, голосе) приятный, благозвучный, подобный звуку бубенчика;
булактын шылдыраган агымы жылаажындуу угулат журчание текущего ручейка подобно звуку бубенчика.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Чокусунда чогу бар, өзөгүнүн ичинде, сомдоп койгон огу бар» («Манас»), Бул — камчы өрүмдүн негизги түрү. Буга көбүнчө жыйырма төрт тал көктү тилип, ич ара алмаштырат. Акыйкатта, татаал өрүмдү жүзөгө ашырууда өрүмчүнүн ашкере кылдаттыгы айкындалат. Жылан боор өрүмү биринин кооздугун бири арттырып турат. Эгер татаал өрүмдөрдүн бир талынан эле өрүмү жаңылса, өрүм таптакыр тескери жакка кетет. Демек, үзүлгөн тал улаштырылбайт. Жылан боор өрүмүндө он алты талдан өрсөк көк сегизден экиге бөлүнөт. Анда экиден көктү бирден көк басып отурат. Буга сегиз сай түшөт да, ал өтө кооз көрүнөт.
      Ич ара салыштырып айтсак суйсал өрүмү, жылаан боор өрүмү сыяктанганы менен айырмасы үч көктү бир басып отурат да, ага алты сай түшөт. Буга 10—12—14 тал кылып тилүүбүз керек. Жылаан боор өрүмүнө 16 тал көк тилсе, сегизден экиге бөлүнөт да, экиден басылат. Эгер он эки тал көк тилинсе, ал талдар алтыдан экиге бөлүнөт. Экиден басылып бир талы — «аркак» болот.
      Терме өрүмү, суйсалма өрүмү, жылан бооруму 12 талдан тартып, 24 талга дейре төп басылат. Жылан боор өрүмү менен терме өрүмүнүн түшкүнү он бир тал менен бекитилет. Түшкүн — тал-тал көктүн камчы өрүмү болуп түшүшү. Айрым өрөөндөрдөгү чеберлер он бир талдан котур өрүмдү жана он алты талдан нокору өрүмдү, сегиз талдан төрт кыр кылып, камчы өрүмүн бергендер да бар.
      Мыкты өрүмчүлөр 16 тал көк аркылуу бир эле камчыга өрүмдүн беш түрүн: жылан боор өрүмүн, терме өрүмүн, каз таңдай өрүмүн, суйсалма өрүмүн жана жарым суйсалма өрүмүн табышмактанып кете берет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. змея;
ак жылан белая змея;
сары жылан желтопузик, уж;
кара чаар жылан гадюка;
ок жылан стрела-змея;
жылан ордосу змеиное гнездо, змеиное логово;
ичтен чыккан ийри жылан погов. дурное, да родное (букв. кривая змея, вышедшая из нутра);
жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербейт погов. когда хотят змею убить, он (даже) камня не подаст (о неотзывчивом человеке);
жыландын башы голова змеи (в знахарстве применяется как защита от дурного глаза и злого языка);
жөө жылан (или жөөлжан или сөөлжан) дождевой червь;
2. год змеи (см. жыл I 2);
жылан сыйпап кетти всё подчистую;
үйлөрүнүн ичи жылан сыйпап кеткендей в юртах у них пусто-пусто (никого и ничего нет);
жылан сыйпагандай жыпжылма всё дотла, всё под метёлку;
жыландын башын көргөз- или жыландын башын чыгар- хитрить, лукавить, готовить пакость;
коңулдагы кара жылан змея подколодная;
чала өлтүргөн жыландай ни рыба ни мясо (букв. как недобитая змея);
жылан боор
1) особый вид ремённого плетения;
2) плеть, нагайка;
жыландай (о человеке) ловкий, расторопный;
жылкыга жыландай уул жарайт погов. для (пастьбы) лошадей пригоден (только) ловкий парень;
жылаңдын куйругун бас- см. куйрук.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сойлоп жүрүүгө ылайыктуу узун, жумуру денелүү, буттары жок, көбүнчө уулуу жаныбар. Кара чаар жылан. Суу жылан. Сары жылан.
  1. 2.                  Мүчөлдүн алтынчы жылы.
  2. 3.                  өт. Заардуу. Самтырканды биз билебиз. Анын тили жылан катын (Байтемиров).

 ¨ Жылан боор камчы — жыландын бооруна окшош өрүлгөн камчы. [Күлжан] Эликтин бутуна сапталган жылан боор.. камчысы менен жолдун жээгиндеги эрбейип көрүнгөн куурайларды чапкылап, көңүлүн алагды кылып баратты (Байтемиров). Жылан сыйпагандай к. сыйпа. Жыландын башын кылтыйтуу — коркутуу, сес көрсөтүү. Жыландын куйругун басып алуу — ачуусу жаман, терс кыялдуу адамдардын жинине тийип алуу, байкабай сүйлөп отуруп бир балакетке кабылуу. Чала өлтүргөн жыландай — арсар; аягына жеткире иштелбеген, аякталбаган, чала калтырылган.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жылан, жыланга
жылан балыктар
жылан боор (камчы, кур)
жылан баш
жылан баш балыктар
(зоол.)
жылан башын кылтыйтуу (чыгаруу)
жылан кескелдириктер (зоол.)
жылан куйруктар
жылан моюндар (куш)
жылан сыйпагандай
жылан чакпай, жылкы
теппей
жыландын башын чыгаруу
жыландын куйругун басып алуу

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ийрелеңдеп сойлоп жүрүүгө ылайыкталган узун, жумуру денелүү, буттары жок, көбүнчө чагып алууга жөндөмдүү уулуу жаныбар. Кара чаар жылан. Суу жылан. Ок жылан. Сары жылан. || Динар шиберди как жарып туурага атырылган жыланды көрдү (Сыдыкбеков). 2. Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын элдик календарында жыл сүрүү эсебиндеги эң катаал деп эсептелген алтынчы жылдын аты. Жылан жылы жут болду (Жантөшев). 3. өт. Бирөөнүн кара санатайлыгын, душманынын заардуулугун, катаал ырайымсыздыгын, ач көздүгүн ж. б. терс сапаттарын билдирүүдө колдонулат. Гитлер деген сур жылан (Үмөталиев). Батыштан жылан сойлоп өткөн эле, Удургуп кара булут жеткен эле (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилик кайыштан, көктөн жүгөн, куюшкан, камчыны жыландын бооруна окшотуп таңдай-таңдай кылып өрүү ыгы. Күлжан эликтин шыйрагына сапталган жылан боор камчысы менен куурайларды чапкылап баратты (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каарын төгүп зиркилдеп, катуу ачууланып туруу, каары бетине айланып, заарын чачып туруу. Чал ызасын кимден аларын билбей жыландай ышкырынып отурган эле (Укаев). Өз үйүндө да жыландай ышкырып отургандыктан катын-балдары анын кай жагынан чыгып калаарын билбей кыпылдап туруша турган («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Каарын төгүп зиркилдеп, катуу ачууланып туруу, каары бетине айланып, заарын чачып туруу. Чал ызасын кимден аларын билбей жыландай ышкырынып отурган эле (Укаев). Өз үйүндө да жыландай ышкырып отургандыктан катын-балдары анын кай жагынан чыгып калаарын билбей кыпылдап туруша турган («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коркута турган, чочута турган, сестене турган сөздүн четин чыгарып коюу. «Берсин кызын, эгер көнүшпөй кайкалай турган болсо...», – деп жыландын башын көрсөтөт (Осмоналиев). В.: Жыландын башын кылтыйтуу. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми жыландын башын кылтыйтпаңыз, Мырза! (Тойбаев). Ошентип бий жыландын башын кылтыйтып койду (Убукеев). Арадан эки жыл өткөндө карапайым күйөө жыландын башын кылтыйтат: «Арман күн, артымда туяк калбай турган болду» (Каимов). Жыландын башын чыгаруу. Көрсөң, жыландын башын чыгарып турганын! (Айтматов). Ал мүлтүлдөтүп, жыландын башын чыгара табышмактатканды жакшы көрбөйт («Кыргызстан маданияты»). – Бүлүнтүү оңой, мусулмандар, – деп көзүн кылыйтып, жыландын башын чыгарды кеңешчи (Касымбеков). Жыландын башын чыгарып сүйлөдү («Ала-Тоо»). Тоотпой баратса, жең учунан жыландын башын чыгарып кой (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖЫЛАНДЫН БАШЫН КӨРСӨТҮҮ Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми жыландын башын кылтыйтпаңыз, Мырза! (Тойбаев). Арадан эки жыл өткөндө карапайым күйөө жыландын башын кылтыйтат: «Арман күн, артымда туяк калбай турган болду» (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖЫЛАНДЫН БАШЫН КӨРСӨТҮҮ Көрсөң, жыландын башын чыгарып турганын! (Айтматов). Ал мүлтүлдөтүп, жыландын башын чыгара табышмактатканды жакшы көрбөйт («Кыргызстан маданияты»). - Бүлүнтүү оңой, мусулмандар, - деп көзүн кылыйтып, жыландын башын чыгарды кеңешчи (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Байкоосуз айткан сөзү же олдоксон иштелген иши менен бирөөнүн жинине тийүү, каарына, кыйыгына калуу, бир балакетке же кырсыкка кабылуу. - Айланайын коёгөр! Балээсине биз калабыз! Жыландын куйругун баспадыкпы? (Ш. Үмөталиев). Элеманды куткара албады. Издеп барып жыландын куйругун басты (Укаев). Жыландын куйругун басып, кайран журтту курутуп алмак болгон экен... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Байкоосуз айткан сөзү же олдоксон иштелген иши менен бирөөнүн жинине тийип алуу, каарына калуу, байкабай сүйлөп жиберип бир балакетке кабылуу. Жыландын куйругун басып алба балам, ыгын таап сүйлөшкүн,– деди атам («Ала-Тоо»). В.: Жыландын куйругун басуу. – Айланайын коегөр! Балээсине биз калабыз! Жыландын куйругун баспадыкпы? (Үмөталиев). Элеманды куткара албады. Издеп барып жыландын куйругун басты (Укаев). Жыландын куйругун басып, кайран журтту курутуп алмак болгон экен... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч кимге жакшылык кылбаган, колунан эч жакшылык келбеген, кара санатай, кара өзгөй. Жакшы күнүңдө жакшы ишиңе орток болуп, жаман күнүңдө жылан өлтүрөйүн десең, таш алып бербей тескери караган сөлөкөттүн кереги жок (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч кимге жакшылык кылбаган, колунан эч жакшылык келбеген, кара санатай, кара өзгөй. Жакшы күнүңдө жакшы ишиңе орток болуп, жаман күнүңдө жылан өлтүрөйүн десең, таш алып бербей тескери караган сөлөкөттүн кереги жок (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Такыр эчтемеси калбай, тып-тыйпыл, жып-жылма болгондой. Үй күтпөдүм же атакелетип бала өппөдүм! Өрт өчкөндөй, жылан сыйпагандай болуп гана кеттим ээ! (Сыдыкбеков). Айыл үстүндөгү бодо мал жылан сыйпагандай сүрүлдү (Осмоналиев). Эки күндөн кийин эле жылан сыйпагандай болуп калат (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Такыр эчтемеси калбай, тыптыйпыл, жып-жылма болгондой. Үй күтпөдүм же атакелетип бала өппөдүм! Өрт өчкөндөй, жылан сыйпагандай болуп гана кеттим ээ! (Сыдыкбеков). Айыл үстүндөгү бодо мал жылан сыйпагандай сүрүлдү (Осмоналиев). Эки күндөн кийин эле жылан сыйпагандай болуп калат (Бердикеев). Үйүнүн ичи жылан сыйпагандай (Жантөшев). Талаанын адырларынан чаң ызгып жылан сыйпагандай кубарат (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсе болбой, жөндөн жөн, эч себепсиз, өзүнөн-өзү эле. Чарбанын иши чатак экен деп, бригадири Асанкожоев аксакал «жылан чакпай, жылкы теппей» ишти таштап баса берди («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей эле учетчик эмгегин сураган Кожобектин жер-жеберине жетти («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей сага эмне болду? («Ленинчил жаш»). В.: Жылкы теппей, жылан чакпай. Жылкы теппей, жылан чакпай эчтемеден эчтеме жок, Айдайдын үйгө кетип калышына жол болсун (Жантөшев). Жылкы теппей, жылан чакпай эмне болуп кетти сага? (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсе болбой, жөндөн жөн, эч себепсиз, өзүнөн-өзү эле. Чарбанын иши чатак экен деп, бригадиры Асанкожоев аксакал «жылан чакпай, жылкы теппей» ишти таштап баса берди («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей эле учетчик эмгегин сураган Кожобектин жер-жеберине жетти («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей сага эмне болду? («Ленинчил жаш»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Алгачкы жалаң аяк (айак) түрүндө айтылган сөздөрдүн биригип, бир сөзгө айланышынан пайда болгон сөздүн л жана ң тыбыштары орун алмашып калышынан жылаңайак сөзү келип чыккан. Анан л менен й тыбыштары орун алмашуудан жыңайлак түрүнө келген. Бирок сөздүн башкы бөлүгү жалаң>жылаң деген сөздөн турарын эске алып, ошондой түрүнө тууралап айтууга ылайыктоонун натыйжасында жылаңайлак сөзү жаралган. Аягындагы айлак бөлүгү жыңайлак түрүндө айткандагы орун алмашуулары боюнча калтырылган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
голый, нагой;
ач-жылаңач голодный и холодный (букв. голодный и голый);
жылаңач уй южн. корова (в отличие от яка);
тыр жылаңач или тырдай жылаңач см. тыр;
жылаңач ыйык см. ыйык;
ак жылаңач название хлебного злака;
ак жылаңач дегени - ак буудайдай иреңи стих. то, что называется ак жылаңач, цветом похоже на белую пшеницу;
жылаңач чабышуу сев. ист. дикое развлечение феодальной знати: два оголённых до пояса человека друг на друге испытывали силу удара плетью; "приз" от феодала получал тот, кто проявлял больше стойкости.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Үстүндө кийим жок; дененин кийимсиз турган жери. Үйдүн көлөкөсүндө жылаңач жатып уктап калыптырмын (Сыдыкбеков). Күз айларында да бел кырчоого чейин жылаңач туруп иштөөгө туура келет (Абдукаримов).
2. Бетинде эч кандай өсүмдүгү жок, өсүмдүк өспөгөн (талаа, тоо жөнүндө); бутактары жылаңачталган, жалбырактары түшкөн (дарактар жөнүндө).
¨ Ач-жылаңач — азып-тозгон, кийими жыртылган, ичээрге тамагы жок. Муңайып ач-жылаңач жаралуу жан (Аалы).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛАҢАЧ — топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйгө аш бергени Ташкенден Каркырага көчүп бараткан Бокмурун Ж-ка жылкысын өргүтүп өтөт.
Географиялык реалияда Алматы облусундагы аймак, тоо (Челек дарыясынын боюнда).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ичине кийим кийбеген учурга гана карата айтылган жалаң ич сөздөрүнүн биригип кетишинен келип чыккан жылаңач сөзүнүн мааниси мурдагысынан кеңип, «үстүнө кийим кийбеген, эч кийим кийбеген» маанисин берип калган. Бирок көбүнчө анын алгачкы мааниси үстөмдүк кылат. Ичине кийим кийбеген адамдын жонунда да кийими жок болушу мүмкүн. Ошондуктан жылаңач сөзү көбүнчө майка, көйнөгүн кийбеген учурга карата айтылат. Ошол себептен жалпы эле денесине эч бир кийим кийбеген учурду так айтуу үчүн энеден туума жылаңач түрүндө айтууга туура келет. Алгачкы жалаң ич тизмегиндеги ич сөзүнүн и тыбышы астынкы сөздөгү жоон үндүүлөргө үндөшүп, а тыбышына өтүп кеткен. Ошол себептен жылаңач сөзү ич сөзүнө байланышпагансып калган. Ал эми л жана ң тыбыштарынын ордун алмаштырып айтуудан жыңалач варианты пайда болгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үстүндө кийими жок, кийимсиз. Күз айларында да бел кырчоого чейин жылаңач туруп иштөөгө туура келет (Абдукаримов). Кээде шүүдүрүмдүн бүркүндүсү жылаңач балтырына себилет (Сыдыкбеков). || Кийим-кечеси жок же абдан начар, жыртык-тешик, жетишсиз. Иштебей койсо ач калат, жылаңач болот (Сыдыкбеков). 2. Бетинде, боорунда эчтеме жок, бак-дарак, өсүмдүк өспөгөн (жерге карата). Сары-Аркаң суусуз чөл экен, Жылаңач жаткан жер экен («Манас»). Жылаңач тоолордун түнөргөн капалуу түрү жолоочулардын көңүлүн ого бетер куса кылды (Абдукаримов). 3. Жалбырагы түшкөн (бак-даракка карата), жасалгасынан, жабуусунан ажыраган (үй-жайга карата). Жылаңач теректер. Жылаңач үй. 4. Жүнү жок, жүнү түшкөн. Жүгүрсө ок жетпеген, Жүнү тайкы жылаңач (Калык). Метис козу жылаңач болот экен («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүндө эч нерсе калбаса да, колундагысын аябаган берешен, колу ачык, март. Бир кезде мен дагы жылаңач баатыр элем («Ала-Тоо»). Тоозак болсо кедейлердин арасында жылаңач баатыр (Абдукаримов). Тезекбай ырчы тамырынын жылаңач баатыр, жоомарттыгына бу саам дагы топуктанды (Бейшеналиев). Сапарбек башына кандай кара күн тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр (Элебаев). Качыке деген жылаңач баатыр ушул (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүндө эч нерсе калбаса да колунда барын аябаган, эч нерседен тартынбаган, бир нерсеге кыйылып, кылчактап отурбастан шар кеткен, март, берешен. Тезекбай ырчы тамырынын жылаңач баатыр, жоомарттыгына бу саам дагы топуктанды (Бейшеналиев). Сапарбек башына кандай кара кун тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр (Элебаев). Качыке деген жылаңач баатыр ушул (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛАҢАЧ-БУГУ-ТООСУ — топоним. Көзкамандардан ууланган Манасты Каныкей качырып келип айыктырган жер. Манастын сөөгүн Каныкей Эчкиликтин-Кара Зоосуна коюлду деп айттырып, чындыгында Ж.-БТ-на койдурган деген уламыш бар. М. Мусулманкуловдун вариантында Манастын сөөгү коюлган жай Ж.Б-Т-сунда делет. Географиялык реалияда Ж.-Б-Т. Тогуз-Торо районунун түндүк жагындагы Молдо-Тоонун уландысы. Жергиликтүү эл Ж.-Б-Т-н ыйык тутат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кийимин чечип, жамынган жамынчысын ж. б. алып таштап, жылаңач калтыруу. Кийимин дырдай чечтирип, Жылаңачтап салышты (Тоголок Молдо). 2. Боз үйдүн жабууларын, үйдүн керегесиндеги жасалгаларын ж. б. сыйрып алуу, керегеси көрүнүп калуу. Үйүн жылаңачтап жайлоого көчкөн жатышат (Жантөшев). || Кабынан, кынынан чыгарып жалаң өзүн калтыруу (мисалы, кылычты), бетиндеги, боорундагы өсүмдүктөрүнөн ажыратуу (мисалы, тоону) жалбырактарын жок кылуу (мисалы, бак-даракты). Нече ирет коркпой жоого каршы чапты, Кылычын жылаңачтап ири алдында (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч токтоосуз, буйдалбастан, шыдыр, шар. Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай жооп берди. В.: Жылаңач төөнү бутка чапкандай. Жоодар жылаңач төөнү бутка чапкандай сүйлөдү. Жылаңач төөнү шыйракка чапкандай. Жылаңач төөнү шыйракка чапкандай шар кетти. Күлүк атты бучкакка чапкандай. Күлүк атты бучкакка чапкандай айдатып сүйлөгөн эле (Өмүрбаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Баш кийимсиз абалды жылаң баш, же жыңалбаш деп айтабыз. Анын составында баш сөзү турганы оңой ажыратылат. Жылаң сөзү алгачкы жалаң сөзүнүн а тыбышы ы тыбышына алмашуудан келип чыкса, жыңал сөзү анын л жана ң тыбыштары орун которуштуруудан пайда болгон.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. южн. короткий, гладкий (о шерсти); короткошёрстый;
2. уничтоженный, сгинувший;
жылас бол-
1) исчезнуть;
2) перен. обеднеть;
жылкычы болуп, бээ бактың, жылас болуп, төө бактың фольк. ты был конским пастухом и пас кобылиц, (когда) обеднел, пас верблюдов (выполнял нудную работу);
жылас болгур! чтоб тебе пропасть!, пропади ты пропадом! (проклятие, часто употребляемое по адресу лошадей);
жылас кыл- уничтожить дотла, изничтожить;
жылкысын жылас кылышты стих. всех его коней они угнали;
жылкысын тийип өрүштөн, жылас кылып салайын фольк. угоню всех его коней с горного пастбища;
жылас сал- принести беду, учинить разгром;
жылас тарт- испытывать мучения, подвергаться мучениям;
карыганда энекең, жыласың тартып курудум фольк. в старости я, твоя мать, погибаю в мучениях из-за тебя;
3. неустрашимый, храбрый, бедовый;
бири миңге татыган тегиз көк жал жыласы фольк. все сплошь богатыри неустрашимые, каждый из них равен тысяче;
арт жагында жыйырмасы, ашкере баатыр жыласы фольк. сзади него двадцать их - настоящих, неустрашимых богатырей;
жыйырмада чагы экен, жылас кылар чагы экен фольк. ему (богатырю) двадцать лет, возраст, когда он может громить (врага);
көрбөдүм мындай журутту, жылас болгон бурутту фольк. не видел я такого народа, (как этих) храбрых бурутов (т.е. киргизов);
4. неладный, неприятный; противный;
жыргап жаткан жеримден, жылас Чүрөк, козгойсуң фольк. ты, неладная Чурек, сгоняешь (букв. сдвигаешь) меня с места, где я блаженствую;
жылас болгон Канчоро! Канчоро - чтоб ему неладно было!;
жылас болгон замана смутные времена;
жылас доо бесконечная скандальная тяжба;
жылкыңды тийип алдыкпы, жылас доого калдыкпы? фольк. иль мы твоих коней угнали и в бесконечную тяжбу вовлеклись?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
жылас болуу — жок болуу, жоголуу, жоюлуу. Алты ай болгон кеткени, Жылас болгон жылкынын, Жуушандысы табылды («Эр Төштүк»). Ополдойдон көчкөндө, Келип кондуң жериңе, Жытыгып калган башынан Жылас болгон көрүңө (Тоголок Молдо). Жылас кылуу — жок кылуу, таш-талканын чыгаруу. Атамдын кунун аламын, Ээрчитип жүрүп атасы Өз атамды баш кылып, Жылас кылып таштаган («Семетей»). Дөөгүрсүгөн дөөлөрүн, Жылас кылып таштады («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жек көргөндө, тилдегенде же башка учурларда «оңбогур», «түгөнгүр», «кудай алгыр» маанисинде колдонулат. Жыргап жаткан жеримден, Жылас чүрөк козгойсуң («Семетей»). Жыландары жыластын, Бүктөп турган аркандай («Сейтек»). Жылас алгыр пулемёт, Ок жаадырып турганы (Токомбаев). Арт жагында жыйырмасы, Ашкере баатыр, жыласы («Манас»). Бири миңге татыган, Тегиз көк жал жыласы («Манас»). 2. Жок болуп, жоюлуп, куруп бараткан абал, оор, катаал, мүшкүлдүү кыйынчылык. Сиз замандын жылас кезинде жаралдыңыз (Тоголок Молдо). Жыргалыңдан жыласым, Найза салым көп экен («Сейтек»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Орду-түбү менен жок болуу, жоюлуу, жоголуу. Эшенди колго түшүрүштү. Акмат мерген жылас болду (Мияшев). Жылас болду тамдар урап жыгылып (Үмөталиев). Жылкың менен жылас бол, менде аянар ал калган жок, колуңарга өлөм! - деп, союл шилтейт (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Орду-түбү менен жок болуу, жоюлуу, жоголуу. Жылас болду тамдар урап жыгылып (Үмөталиев). Калың эл бул кыргындан чыгар бекен, Болбосо жылас болуп тынар бекен (Токомбаев). Эшенди колго түшүрүштү. Акмат мерген жылас болду (Мияшев). Жылкың менен жылас бол, менде аянар ал калган жок, колуңарга өлөм! – деп, союл шилтейт (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жок кылуу, жер менен жексен кылуу, таш-талканын чыгаруу, тыптыйпыл кылуу. – Жылкычыңды сенин! Жылас кылып барыңды! (Өгөбаев). Атамдын кунун аламын, Өз атамды баш кылып, Жылас кылып таштады («Семетей»). Жылкы тийген эрлерди, Жылас кылып салгыла («Эр Табылды»). Дөөгүрсүгөн дөөлөрүн, Жылас кылып, таштады («Семетей»). В.: Жыласын чыгаруу. Чыгарса ошол чыгарат Курманбектин жыласын («Курманбек»). Бирок, турмуш жыргайм дегендин жыласын чыгарып келген (Ашымбаев). Чыгарса ошол чыгарат Курманбектин жыласын («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылтырак келген, жылма келген кыска (чач, жүн жөнүндө). Айымкан баласынын жылбырска кара чачын сылагылайт (Осмоналиев). 2. Ара туулган, ичтен өлүү түшкөн малдын төлүнүн жүнү өтө кыска териси. Атабек ара туулуп өлгөн жылбырска кара козунун терисин берди (Жантөшев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Убагы жетпей туулган козу-улактын териси жылбырска аталат. Бул сөз моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо зулбаска (МРС, 204) сөзү кыргыз тилине кабыл алынганда с тыбышынын алдына р тыбышы ашыкча кошулган. Кыргыз тилинде жылбыска түрү да кезигет. Ал түрү моңголчо оригиналына жакындык кылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
жалбырска менен бирдей. Биздей каракесек муну эшиткенде эмне майнап? – деп карт мерген башындагы чаарчыктын чапкил жылбырскысынан үч эли кылып кырдалган телпегин чекесинен желкесине жылдыра маңдайын сылады (Абакиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Сыйгалануу, тайгалануу, токтобой жылып түшүп кетүү. Чокойдун таманы жылбышып тайгалана берди (Аалы). Керез атынан жылбышып түшүп, агытып жиберип, үйүн көздөй жылт коюп качып жөнөдү (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кичине кокту, узунунан кеткен ойдуң жер. Көл башында Жыргалаң, Көп кендер чыкты жылгадан (Убукеев). Жылгада жүрүп ырдаймын, Жыргалдуу заман доорунда (Осмонкул). Муздак булак жылгадан Агып турат шылдырап (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Узатасынан улам төмөндөп тилкеленип кеткен кокту, суу, сел жүрүп салааланып кокту болуп кеткен нуктуу жер, тоодогу салаа тартып тармактанып узатасынан кеткен кууш өрөөн. Муздак булак жылгадан, Агып турат шылдырап (Бөкөнбаев). Жылганын ичинде таштан ташка, тийип, мөңкүп аккан көк кашка суу бар (Баялинов). Андрейдин үйү ушунун ары жагындагы жылгада болуучу (Байтемиров). 2. Тилкеленип же жол-жол болуп кеткен из. Аттардан жылга-жылга тер кетти (Айтматов). Жондоно кеткен жылгалар. Кургакта калган балыкпы? (Жаркынбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Жылгасы бар, жылгасы көп. Тектири көп жылгалуу, Тескейи тулаң чөбүбүз (Тоголок Молдо). Эркиндин көз алдында кокту, колот, жыбыт-жылгалуу майда булак, аска-зоолуу жаңы жер турду («Советтик Кыргызстан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от жыл- II
чуть двигаться, чуть шевелиться, казаться чуть двигающимся;
көктөн учкан канаттууну карасаң, канаттары араң эле жылгансыйт стих. если посмотришь на парящую в небе птицу, крылья её едва движутся.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде балгын сөзү да, жылгын сөзү да бир өсүмдүктүн атын билдирет. Бул бекеринен эмес. Сөздүн башындагы б жана ж тыбыштары алмашуудан эки түрдүү сөз келип чыгып, бир эле өсүмдүктүн атын билдирип калган. Түрк тилдеринде йулган (аз.), йылган (кум.), жылгын (кырг.) болуп айтылган сөз моңголчо балгана, кыргызча балгын сөзүнө мындайча туура келет. Алгачкы түрү катары байыркы түркчө йылгун вариантын эсептесек, йылгын дегенден балгын болуп өзгөргөндө биринчи муундагы а тыбышы ы тыбышына өтөт. Байыркы түрк жазууларында йылгун (ДТС, 266) сөзү гана болгон. Ал кезде балгын сөзү болгон эмес. Ушуга карап йылгын сөзү алгачкысы, анын башкы й тыбышы б тыбышына алмашуусунан балгын варианты келип чыккан деп эсептөөгө толук негиз бар.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛГЫНДЫ — топоним. Манас ата мекени Ала-Тоону душмандан бошото баштаганда Чүйдү бийлеп турган Акунбешим «Он беш жүз миң кол жыйнап, Жылгындуунун талаага» (Сагымбай Орозбаков, 2. 129) ага каршы даярданат. Ж.— азыркы Токмок шаары турган жер жана анын тегереги.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Мүчөлдүн он эки жылынын биринде туулуп, жылы окшош болгон (мисалы, экөөнүн тең жылы кой же жылкы болуп калган). Көзүмө жакшы көрүнөт Теңтуш-курбу жылдашым («Жазгыч акындар»). Экөөбүз жылдашпыз (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. в разн. знач. звезда;
Сары жылдыз (или Саржылдыз) Венера (звезда);
саржылдыздай маңдай светозарное чело (букв. подобное Венере);
куйруктуу жылдыз разг. то же, что комета;
жылдыз толгондо или жылдыз толо или жылдыз толуп поздно ночью; когда наступает ночь;
жылдыз оңдо- или жылдыз оңдот- предсказывать по звёздам; предпринимать что-либо, сообразуясь с расположением планет;
жылдызыңды оңдотуп, бүгүндөн калбай жөнөгүн фольк. сообразуясь с состоянием своей звезды, сегодня же отправляйся;
ушу бүгүн, абаке, жылдызым мага оң эле фольк. вот сегодня, дед, моя звезда удачлива;
баары-жогу он болду, жылдызына оң болду фольк. всего их стало десять, звезда их предвещала удачу;
аттанар бүгүн кез эмес - жылдызга каршы күн эле фольк. сегодня не время отправляться в путь - день, противопоказанный звездой;
Кызыл Жылдыз ордени орден Красной Звезды;
жылдызым! ласк. моя звёздочка!, моя путеводная звезда!;
2. перен. (о человеке) симпатичный, приятный;
жылдызы экен адамдын, ким жактырбайт мындайды? фольк. он приятнейший из людей, кому же такой не понравится?
жылдызы жанган жигит красивый парень;
аким болуп кыргызга, абырактуу бул Сейтек, арбагы кетти жылдызга фольк. когда стал правителем киргизов этот славный (богатырь) Сейтек, его авторитет стал ещё больше;
жылдызы артык (о человеке)
1) счастливый, удачливый;
2) миловидный;
жылдызы каршы они между собой во вражде;
жылдызы түштү или жылдызы өчтү он потерял свой авторитет; он в подавленном состоянии, очень опечален (букв. его звезда закатилась);
жылдыздары жерге түшүп, калың ойго киришти они опечалились и глубоко задумались;
жылдызын өчүрүп сильно опечалившись;
кыргызың азыр жылдызда фольк. киргизы теперь счастливы (букв. на звезде);
жылдыз-жылдыз дыра на дыре, в дырах, рваный (напр. об одежде);
жылдызы ысык то же, что жылдыздуу 2.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Түнкүсүн адамдын көзүнө жарык чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу. Жылдызын санап асмандын Жылкыда жүрүп какшандым (Бөкөнбаев). Жылдыздар жымың-жымың этишет.
  1. 2.                  Үч бурчтук түрүндө болгон учтуу жактары бар геометриялык фигура; ушундай формадан турган значок; ордендин же башка сыйлыктын ушундай формадагы белгиси. Төлдөтүп ашык чарбасын, Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул).
  2. 3.                  өт. Көрктүүлүк, жагымдуулук, жаркылдаган жайдары көрүнүш. Жылдызы жанган жигит. Адамдын жылдызы эле го!

¨ Жылдызы ысык — мээримдүү, жагымдуу, сүйкүмдүү. Өзүмө кошо төрөлгөн, Жылдызы ысык көрүнгөн, Өткөрө тулпар Торучаа, Ошондо окко алдырдым («Манас»). Жылдызы жерге түшүү — сынуу, көңүлү чөгүү, капа болуу. Капсалаңдын жылдызы жерге түшүп, үшкүрүгү таш жарды (Бейшеналиев). Жылдызы каршы болуу — жаман көрүү, жактырбоо, каршы болуу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛДЫЗ — топоним, көп варианттарда кезигет. Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнүндө «Баштап кыпчак кыргызды, Басып өтүп Жылдызды» (Сагымбай Орозбаков, 2. 160), Үрбүнүн колу андан өткөнү айтылат. Географиялык реалия катары Ж. (Юлдус, йулдуз) Синьцзяндагы суу, ойдуң (Чоң жана Кичи Ж.) Чыгыш Тянь-Шань тоо түркүмүндө жайгашкан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түнкүсүн жаркыраган чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу. Асмандын бетин бербей жайнаган сансыз жылдыздар да жылдыздардын арасында жаркыраган ай да жарыгын төгөт (Байтемиров). 2. Айланадан бирдей аралыкта жанаша жайланышкан учтуу урчуктары бар жылдыз сымал геометриялык фигура; ошондой формадагы значоктун, ордендин белгиси. Акылбектин төшүндө, Кызыл жылдыз жаркырап (Нуркамал). Төлдөтүп ашык чарбасын, Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул). 3. өт. Адамды өзүнө тарткан сүйкүмдүүлүк, мээрим. Жылдызы экен адамдын, Ким жактырбайт мындайды («Курманбек»). || Көбүнчө балдарды эркелеткенде, сүйгөндө мээримдүү, сүйкүмдүү деген мааниде айтылуучу сөз. Алдей, алдей алдей ай, Таңкы чолпон жылдызым (Токомбаев). Жакшы түш көрүп жат, жылдызым,– деди Гүлайымга Алыкул (Абдукаримов). 4. өт. Белгилүү, таанымал, көрүнүктүү, кадыр-барктуу, Жакшы уул – көктөгү жылдыз, жакшы кыз – жакадагы кундуз. Ааламында жаркыраган, жайнаган, Айтматовдун чыгармасы – бүт Жылдыз (Акматалиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. звёздный, со звездой или со звёздами;
2. перен. приятный, симпатичный; миловидный;
жылдыздуу жүз миловидное лицо;
жылдыздуу бала приятный, славный ребёнок;
жылдыздуу мал скот, на который приятно смотреть;
жылдыздуу кыймыл грациозные движения;
сөздөрүнө ыраазы болгондой жылдыздуу гана жылмайды как бы выражая своё удовлетворение от его слов, он приятно улыбнулся;
3. перен. счастливый;
жылдыздуу балалык счастливое, радостное детство.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Жылдыздар жыбырап көрүнгөн, ачык (асмандын түнкү көрүнүшү жөнүндө). Жылдыздуу түн. Жылкы баккан кишиге Жылдыздуу, айлуу түн кызык (Осмонкул).
  1. 2.                  өт. Сүйкүмдүү, жайдары, жүзү жарык. Маңдайы жарык жылдыздуу, Шерик болот ырыска (Осмонкул). Дүйшөнкулдун жылдыздуу иреңи.. көзүмө элестеди (Бөкөнбаев).
  2. 3.                  өт. Бактылуу, таалайлуу. Жылдыздуу балалык.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылдыздар көрүнүп турган ачык (асмандын түнкү көрүнүшүнө карата). Жылкы баккан кишиге Жылдыздуу, айлуу түн кызык (Осмонкул). 2. Мээримдүү, ыманы ысык, жайдары, сүйкүмдүү. Жолуктум суу боюнан сулуу кызга, Жылдыздуу ыманы ысык бойго жеткен (Абдыраманов). 3. өт. Бактылуу, таалайлуу. Жылдыздуу балалык.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаркылдаган, жайдары, сүйкүмдүү. Күжүрмөн, карапайым, жылдызы жарык ургаачы (Бердикеев). В.: Жылдызы артык. Ойдогуну айттырбай билген, Жылдызы артык жакшынакай кыз экен (Егиналиев). Жылдызы жанган. Ал – буудай жүздүү, жоодур көз, жылдызы жанган кер мурут жигит экен (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбай түнөргөн, маанайы пас абалда болуу. Жылдызы жерге түшүп, кепичин бутуна араң салып, жука чапанын желбегей жамынган бойдон теңселе басып, сөөдүрөп түшүп кетти (Касымбеков). Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң (Айтматов). Азыр эле баласына сыймыктанган Асанбайдын жылдызы жерге түштү (Жантөшев). Жетимдикте баланын, Жерге түшөт жылдызы (Осмонкул). Капсалаңдын жылдызы жерге түшүп, үшкүрүгү таш жарат (Бейшеналиев). В.: Жылдызы түшүү. Хан өзү жооп таппай отурган суроого Султанмурат кайдан жооп бермек, Жылдызы түшүп шалдырады (Касымбеков). Шарипанын жылдызы түшүп ойлуу, кабагы салыңкы, маанайы пас, күйөөсүнүн кол булгап чакырганына кайдыгер кейпи бар (Кушубеков). Неси болсо да Кийизбай атка конгону байдын шагы сынып, жылдызы түшүп отурганы ушул го (Сыдыкбеков). Жылдызы урап түшүү. Бай-манаптар жылдызы урап түшкөнүн сезди (Убукеев). Жылдызы өчүү. – Мамбет жылдызы өчкөн элди түрүлтө кыжырлуу бакырды (Бейшеналиев). Үй толтура кишинин кимиси болсун жашып, каңырыгы түтөп, жылдызы өчүп, аза күткөндөй үңкүйүшөт (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбай түнөргөн, маанайы пас абалда болуу. Жылдызы жерге түшүп, кепичин бутуна араң салып, жука чапанын желбегей жамынган бойдон теңселе басып, сөөдүрөп түшүп кетти (Касымбеков). Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң (Айтматов). Азыр эле баласына сыймыктанган Асанбайдын жылдызы жерге түштү (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бири-бирине абдан өч, бири-бири менен келише албаган, ынтымагы жок. Чотондун ашкере бой көтөрө эрес талашкансыган кейпи, Алымбек даткага жакчу эмес, жылдызы каршы сыяктуу киши болучу (Касымбеков). Турмушта кээде бир эле көрушкөн кишилердин жылдыздары каршы болуп, алар сүйлөшпөй, сырдашпай туруп эле эмнегедир бирин-бири жактырбай калышат (Акматов). Экөөнун жылдызы те небактан эле каршы (Исмаилов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бири бирине өч, бири-бири менен келише албаган, өз ара каршы, жактырбаган. Экөөнүн башынан жылдызы каршы («Ала-Тоо»). Эмне үчүн мага жылдызы каршы кишини жаныма отургузасың (Сыдыкбеков). Чотондун ашкере бой көтөрө эрес талашкансыган кейпи, Алымбек даткага жакчу эмес, жылдызы каршы сыяктуу киши болучу (Касымбеков). Турмушта кээде бир эле көрүшкөн кишилердин жылдыздары каршы болуп, алар сүйлөшпөй, сырдашпай туруп эле эмнегедир бирин-бири жактырбай калышат (Акматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мамилеси туура келүү. Ажеп болуп жылдызыбыз тогошсо, кыт жанар сезим кушун кайтарган (Медетов). В.: Жылдызы келишүү. Жолду катар болсун, Анжиянда болсун дайыма бирге жүрүп, жылдызы келишип жакшылап таанышкан (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖЫЛДЫЗЫ ЖЕРГЕ ТҮШҮҮ Хан өзү жооп таппай отурган суроого Султанмурат кайдан жооп бермек, жылдызы түшүп шалдырады (Касымбеков). Шарипанын жылдызы түшүп ойлуу, кабагы салыңкы, маанайы пас, күйөөсүнүн кол булгап чакырганына кайдыгер кейпи бар (Кушубеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Сүйгүнчүктүү, сүйкүмдүү, жагымдуу, мээримдүү. Жылдызы ысык, илбериңки, татынакай кыз үйдү айланып чуркап кетти («Ленинчил жаш»). Өзүмө кошо төрөлгөн, Жылдызы ысык көрүнгөн өткөрө тулпар Торучаар («Манас»). 2. Өтө ынак, ынтымактуу, татуу. Ал экөөнүн жылдызы ысык.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүйгүнчүктүү, сүйкүмдүү, жагымдуу, мээримдүү. Жылдызы ысык, илбериңки, татынакай кыз үйдү айланып чуркап кетти. Өзүмө кошо төрөлгөн, Жылдызы ысык көрүнгөн, Өткөрө тулпар Торучаар («Манас»). 2. Өтө ынак, ынтымактуу, таттуу. Ал экөөнүн жылдызы ысык В.: Жылдызы жылуу. Жылдызың жылуу учурагандыктан жардам кылып отурам (Жантөшев). Эпилдеген илбериңки, жылдызы жылуу бала экен («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. годовщина;
жетимиш жылдык семидесятилетие;
2. длительность года, годовой срок;
беш жылдык пятилетие, пятилетка;
жети жылдык семилетие, семилетка;
жаңы жылдык базар новогодний базар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мезгили, мөөнөтү жагынан жыл боюнча эсептелген, белгилүү бир сандагы жылга тете келген. Жылдык план. Беш жылдык мөөнөткө шайланды. Беш жылдыкты төрт жылдыкта, Аткарууга шерт берип (Бөкөнбаев). Бир жылдык кызмат кылмакка, Тайга жүрдүң кедейлер (Тоголок Молдо). 2. Кандайдыр бир окуянын белгилүү жылга толушуна байланыштуу салтанаттуу түрдө белгиленүүчү календарлык дата, күн. Токтогулдун элүү жылдыгы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жыл- II
сдвинуть, заставить сдвинуться;
алга жылдыр- продвинуть вперёд;
койду бери жылдыр подгони овец сюда ближе;
айларды айлантып, жылдарды жылдырган провёл он месяцы и годы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсени ордунан козгоо, экинчи бир жерге которуу, илгери карай түртүү. Тиги капты жылдырып койчу (Токомбаев). Жылдырды батунусту биз тарапка (Үмөталиев). Жетимиш балбан биригип, Жерден араң жылдырган («Эр Табылды»). 2. Акырын, жай, илкитип айдоо. Жылкыны айдап кетелик, Жылдырып элге жетелик («Эр Табылды»). Койду короого жылдырып келчи (Мидин). 3. Тымызын, астыртан иштөө, билгизбей аракет кылуу, астыртан кеп-сөз жөнөтүү. Карайсың көзүң кылгырып, Кыйытып айтып жылдырып («Ала-Тоо»). 4. Алга, жөнөтүү, илгерилетүү. Уюмдун ишин алга жылдырды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
хитрец, действующий незаметно, исподтишка; пролаза, ловкач, пройдоха;
бул иш жылдырманын эле колунан келди это дело могло быть посильно только пролазе;
жылдырмасын жылдырып коёт да, "ак койдон аңкоо, боз койдон момун" болуп, жүрө берет он потихоньку сделает этакую пакость, а потом ходит себе смиренником (см. аңкоо);
жылдырма сөз речь вкрадчиваяи неискренняя.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Арамза, астыртан жамандык издеген, астыртан жылдырып ушак айтуучу. Жылдырма билиндирбей ушак айтат, Көнгөн соң, бул мүнөзгө кантип кайтат (Тоголок-Молдо). Амандын.. алдыртан жылдырмасы бар («Советтик Кыргызстан»).
Жылдырма ууру — майда-чүйдө нерсени кымырып алма майда ууру.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Билмексен болуп тымызын, астыртан кеп-сөз айтуучу же аракет кылуучу митайым. Жылдырма билиндирбей ушак айтат, Көнгөн соң бул мүнөзгө кантип кайтат (Тоголок Молдо). 2. Түздөн-түз ачык айтылбай, байкамаксан же билмексен болуп айтылган, акырындап таралуучу (көбүнчө сөзгө карата). Жылдырма сөз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жай, акырын жылып агуу, сызыла чыгуу (суу, суюктукка карата). Булактан суу жылжыды. || Жылжып аккан күмүш булак сүйкүмдүү шылдырайт (Каимов). 2. Абдан жай басуу, абдан жай жыла жүрүү, өтө жай, акырын жылган кыймыл-аракетте болуу. Жүкөш жылжый басып эшиктен баш бакты (Абдумомунов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жылжы-
заставить двигаться ползком, двигать что-л. медленно, ровно; проливать, лить (напр. слёзы, кровь);
көзүнүн жашын жылжытты она лила слёзы (из глаз);
Чыйырды келет ошондо, боз жоргосун жылжытып фольк. катит там вон Чыйырды, пустив ровным ходом серого иноходца.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жылкы I
1. лошадь (как родовое название; ср. ат I);
кырк жылкы
1) сорок лошадей;
2) перен. ныне шутл. дочь (девочка); девица (прим. см. токуур);
жылкынын кылы конский волос;
жылкынын кылына жарыбаган или жылкынын кылына зар лошадей у него и в помине нет; (не только коня) он даже конского волоса не имеет;
2. год лошади (см. жыл I 2);
кара жылкы простая, непородистая лошадь;
жылкы мүнөз неуживчивый характер; человек с неуживчивым характером (букв. лошадиный характер);
жылкы ичинде аласы единственный (напр. о ребёнке); выделяющийся из других;
ал миң жылкы айдап калыптыр ему море по колено; ему всё нипочём (букв. он гонит тысячу коней);
жылан чакпай, жылкы теппей ни с того ни с сего (напр. рассердился, обиделся).
жылкы II
прил. от жыл I;
өткөн жылкы прошлогодний.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сом туяктуу, кепшебей турган, унаа катарында пайдалануучу бодо мал, төрт түлүк малдын бир түрү. Чоктой тору, ок жетпес, Кай колхоздун жылкысы? (Аалы). Жылкы фермасы.
2. Мүчөлдүн жетинчи жылы. Жылымды сүрсөм жылкы экен (Маликов).
¨ Жылкы заводу — асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарба. Жылкы завод аттары, Жээрде кашка марал баш (Осмонкул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде уй, кой, эчки деген сөздөр ал жаныбарлардын жалпы атын да, ургаачысын да билдирет, бирок ошол үлгүгө салып бээ, инген деп айтып, жылкы менен төөнүн жалпы атын жана ургаачысын түшүнүү мүмкүн эмес. Жылкы сөзү ат, айгыр, бээ, кулун, тай деген сыяктуу түшүнүктөрдүн баарып камтыйт. Жылкы сөзү жыл+кы бөлүктөрүнөн куралган. Анын жыл уңгусу байыркы йон//йун этишинин йун> йын>йыл болуп өзгөргөн варианты дешке болот. Байыркы йон//йун этиши азыркыча мин деген этишке туура келет. Ошондуктан жылкы сөзү минги дегенге барабар боло алат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күч унаа катарында пайдаланылуучу жал куйруктуу, сом туяк үй жаныбары, төрт түлүк малдын бир түрү. Жылкы ичинде чоң тору ат Боолук салса карматат (Тоголок Молдо). Жон-жондон көзгө элестейт, Жылкы айдап жүргөн жигиттер (Маликов). Алдында минген жапалдаш карагер мышыктай элпек жылкы экен (Сыдыкбеков). 2. Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын жыл сүрүү эсебиндеги жетинчи жылдын аталышы. Жылымды сүрсөм жылкы экен (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чунаңдап мүнөзү тез өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө. Ал өзү жылкы кыял, кишинин баары менен урушуп жүрөт (Абдукаимов). В.: Жылкы мүнөз. Кээ адам жылкы мүнөз болот, ушул жигитке жумшак мамиле жакпайт (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абалыңды, чамаңды байка, алыңа, мүмкүнчүлүгүңө жараша иш кыл. Жылкыңа ченеп ышкыр, «Советти» кайсы союл менен жыга чапканы жүрөсүң! (Саатов). Эмне дешсе, ошо дешсин. Мен өзүмдүн жылкыма ченеп ышкырамын (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абалыңды, чамаңды байка, алыңа, мүмкүнчүлүгүңө жараша иш кыл. Жылкыңа ченеп ышкыр, Советти кайсы союл менен жыга чапканы жүрөсүң! (Саатов). Эмне дешсе, ошо дешсин. Мен өзүмдүн жылкыма ченеп ышкырамын (Тойбаев). В.: Жылкыңа карап ышкыр. Жылкыңа карап ышкыргын дебедим беле?! (Жоошпаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛКЫ ТИЙҮҮ — мал чарбачылык менен тиричилик өткөрүп келген көчмөн түрк, моңгол элдеринин баатырдык эпосторунун сюжеттик курулушунда туруктуу колдонулган типтүү учурлардын бири. Ж. т. эпостун согуштук эпизоддорунун өнүгүшү үчүн олуттуу роль ойнойт.


Душман тараптын жылкысын тийип айдап жөнөшү — негизги согуштук окуянын башталышына шарт түзүп, эки тараптын колунун (аскеринин) беттешүүсүнө себеп болот. Мисалы, «Чоң казат» эпизодундагы Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барып, Ажыбайдын Карткүрөңүн калмак-кытайлардын жылкысына кошуп жиберип, айдап жөнөшү бардык вариантта салттык түрдө айтылат. Жылкынын артынан душмандар кууп келип согуш болот, эки тараптын колдору беттешип кытайлар жеңилет.
Ушундай эле Алмамбет Көкчөгө келгенден кийин ар кайсы элдерден жылкы тийип келип, Көкчөнү байытат. Айрым варианттарда (Радлов, Түштүк Кыргызстан) Алмамбет тарынып Көкчөдөн кеткен соң, Манасты ээрчитип барып анын жылкысын тиет жана башкалар Жамаатташ жашаган элдер, уруулар бир-биринин жылкысын тийип алуу — аталык-феодалдык көчмөн коомдун шартында учуроочу салттык кадыресе көрүнүш болгон.
Э. Абдылдаев

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. конепас, конский пастух;
тун бакыры жылкычы страдалец ночи - конепас (среди других наёмных рабочих положение конепаса было самым высоким, а работа его - самой трудной);
жылкычынын бир көргөнүн кан, бир көргөнүн ит көрбөйт погов. того, что испытывает конепас, с одной стороны, не испытывает (даже) хан, а с другой - не испытывает (даже) собака;
жылкычынын ичкенин бирде ит ичпейт, бирде кан ичпейт погов. конепас иногда питается тем, что и собака есть не будет (так скверно), иногда так, что и хан не ест (так изысканно; пастухи жили впроголодь, но когда издыхал жирный конь, они его прирезывали и ели самые вкусные части);
2. трясогузка.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. занятие или положение конепаса;
2. этн. подарок конепасу (который держит коня невесты, когда её отправляют в дом жениха);
берген кыздын атын кармайбыз деп, жылкычылык алуу илгертен калган элдин салты экен держать лошадь выданной девицы и получить подарок - старинный народный обычай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылкы багуучулук, жылкы багуу кесиби. Деп Көбөк айтып берди болгон сырын, Жыйырмага жылкычылык толгон жылын (Осмонкул). 2. этн. Күйөөгө узатарда кыздын атын алып келип аткарган кишиге күйөөсү тарабынан берилүүчү белек, акча. Күйөөгө берген кыздын атын кармайбыз деп, жылкычылык алуу илгертен калган элдин салты экен.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. без шероховатостей, ровный, гладкий;
жылма таш гладкий камень, голыш;
жылма кайып сшив, притачав так (гладко), что шва незаметно;
2. перен. внешне приятный, внешне любезный, дипломатичный; увёртливый (настропалит других, а сам остаётся в тени);
жылма сүйлөшүү мягкий, внешне любезный, дипломатичный разговор;
душмандын сырты жылма, ичи кара погов. на вид враг мягок, любезен, а нутро - чёрное;
жылма куу хитрый тихоня;
3. все, все до одного; всё, всё дотла; начисто;
катылышкан адамды кыла турган жылма түз фольк. человека, который (с ним) схватывался, он уничтожал;
жылма кырып сал- уничтожить дотла;
жылкыны жылма алып келем коней я всех до одного приведу;
жылма кабак келин влюбчивая и ветреная молодая женщина;
жылма атала то же, что атала I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Быдыры, бүдүрү жок, тептегиз. Жылма таш. [Ашым].. таштын жылма бетине тамгаларды түшүрө баштады (Сыдыкбеков).
2. өт. Астыртан, тымызын, жылдырып бүтүрө салма. Жылма митаам. Ал ишти жылма гана бүтүрүп коймо куулардан эмеспи («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бетинде быдыры, бүдүрү жок, тегиз, текши. Ашым таштын жылма бетине тамгаларды түшүрө баштады (Сыдыкбеков). 2. Тегиз, баарысын, бүтүндөй, бүт бойдон. Күүлөп койсо жылкычы, Семетей жылма кырып салбасын («Семетей»). Чалкалмактын жылкысын, Жылма алып кетем деп («Эр Табылды»). 3. өт. Тымызын, астыртан, анчалык көзгө түшпөгүдөй, анчалык билине бербегендей иштелген. Билем жылма митаамдыктарын, Булар соо жүргөн жок (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
улыбаться;
душман сырттан жылмаят, ичинен кубанат погов. враг внешне (сочувственно) улыбается, а внутренне радуется (твоей печали);
энесин капыстан көргөн балтыр бешик баладай жылмайып улыбнувшись, как младенец, вдруг увидевший мать;
мурутунан жылмайып койду он улыбнулся себе в усы;
калп эле жылмайып койду он деланно улыбнулся;
жылмайып кал! пропади ты вместе со своим родом-племенем!;
жылмайгыр! чтоб ему неладно было!
жылмайыңкы слегка улыбающийся;
жылмайыңкы тарт- принять слегка улыбающийся вид, чуть заметно улыбнуться.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жылмайыш I
и. д. от жылмай-
улыбка;
анын жылмайышы чын айткандыктын белгиси эмес эле его улыбка не означала того, что он сказал правду.
жылмайыш- II
взаимн. от жылмай-
улыбаться; улыбаться друг другу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир ишти астыртан бүлдүрүп, былгытып коюп, билмексен болуп калуу. – Жылмакейин жылдырып коюп, анан «мен эмне кылып ийипмин» деп коёт (Даникеев). В.: Жылдырмасын жылдыруу. Көрдүңөрбү? Жылдырмасын жылдырып бардык ишти бүлдүрүп коюп, төртүнчүлөрдү билбейт имиш! (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жылма кылуу, быдырын кетирип тегиздөө, жылмакай тегиздөө, жылмакай кылуу. [Сатар].. кабыгын аарчып, бутактарын кетирип, жылмалап койгон ичке шыргыйдын кылда учуна кызыл материянын бир жак четин чебердик менен ороп, аны ийне менен бекемдеп тикти (Таштемиров). [Жыгаччы].. сүргүлөп тактай жылмалайт (Сыдыкбеков). Бир станокто сом темирди көзөп жатса, дагы бирөөндө килейген курч болотту жылмалап жатат (Таштемиров).
2. өт. Сөздү жасап сүйлөө, түзөп айтуу.Кечиргин, Маруся, мен элчилеп жылмалап айткан сулуу сөздү билбейм («Советтик Кыргызстан»). Жылмалап айткан сөзү жок, Таш ургандай түрс этер («Мендирман»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сглаживать, делать гладким; строгать, фуговать;
2. перен. действовать с подходцем, мягко, притворно ласково, дипломатично;
мен элчилеп жылмалап айткан сулуу сөздү билбейм не могу я, как другие, говорить дипломатично и красиво.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылма тегиз абалга келтирүү, одуракай же быдырлуу, уңкул-чуңкул жерлерин тегиздеп жылмакай түргө келтирүү. Сатар шыргыйдын кабыгын аарчып, бутактарын бутап жылмалап койду (Таштемиров). Жыгаччы сүргү сүргүлөп тактайды жылмалады (Сыдыкбеков). 2. Кандайдыр бир болгон ишти, айтылган кеп-сөздү так өзүндөй эмес, бир аз түзөп, сыпайылап башкачараак айтуу. – Кечиргин Маруся, мен элчилеп жылмалап айткан сулуу сөздү билбейм (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. шустрый, ловкий;
2. изворотливый; пронырливый;
жылмаң ур- или жылмаң как- делать ловкие движения;
жылмаң каккан неме или жылмаң урган неме
1) он такой шустрый;
2) он такой пронырливый;
жылмаң эт- улыбаться;
жылмаң этип койду он улыбнулся.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кылыктанып жылмая күлүү, ойноктогон ачык, шайыр мүнөздө болуу.Биздин жаныбызга жылмаңдаган эки жаш келин олтуруп калышты (Бейшеналиев)). — Элден мурун таанышып коёлучу — дедй жылмаңдаган кара бала (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылмая күлүмсүрөө, жылмаң-жылмаң этүү. Биздин жаныбызга жылмаңдап эки жаш келин олтуруп калышты (Жантөшев). 2. Жалаңдап шыпылдаган, тартынбаган өткүр мамиледе болуу. Жылмаңдап оокат үчүн маймыл болгон, Эмеспи ал митайым анык кесеп (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күлүмсүрөп жылмая караган көрүнүштү билдирүүдө колдонулат. Куучуйган абышка Тагайга карап жылмаң этип койду (Жантөшев). 2. Шыпылдаган, тартынбай эпилдеп-жепилдеген, ичи-коюнга кирген аракетти билдирүүдө колдонулат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что жылбыш-;
өтүгүнүн таманы чөптөн жылмыша берди подошвы его ног скользили по траве;
баш кийими жылмышып түшкөндүктөн чачы эле үксүйөт у него головной убор (с головы) сдвинулся, только волосы торчат;
жылмышып, кулап түшүп оозумдан кеп стих. сорвалось у меня с языка (букв. вырвалось изо рта) слово.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Май, суу ж. б. болгондуктан колго кармалбай сыйгалануу, колго токтобоо, жылбышуу. Бычактын сабы майлуу экен, колго токтобой жылмышат («Ала-Тоо»). Тайгаланып чокойдун таманы жылмышып кетти (Токомбаев). 2. Тайгалануу, сыйгаланып түшүү, сыйгалактап ордунан жылып кетүү. Дагы бир жылмышса сайга кулап кете турган («Ала-Тоо»). Жылдызкан акырын жылмышып түштү (Байтемиров). 3. өт. Ордунан, кызматынан түшүү, кулоо. Жумакадыров башкы бухгалтерликтен жылмышып, камакка алынды. («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уздцы (в выражении под уздцы; употребляется преимущественно во время конских состязаний);
аттардын жылоосун алгыла возьмите коней под уздцы;
жеке жылов южн. ремённый повод;
жылоосунда Кыдыр бар он удачлив, ему во всём везёт.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Өзбекче жилав, түркмөнчө жылов, кара калпакча жылау сөзү моңголчо жолоо(н) болуп айтылат. Байыркы түрк тилинде йола сөзү «жетеле, кошто» маанисинде айтылган (ДТС, 271). Кыргызча жылоо жогорку йола сөзүнөн пайда болгон, йола этишине зат атооч жасоочу -к мүчосү жалгануудан йолак сөзү жаралган. Сөздүн аягындагы к тыбышы үндүүгө айланып, йолак сөзү йолоо>жылоо түрүнө келген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жүгөндүн ооздугунун тегерек темирине тизгин менен чылбырдын бириккен, туташтырылган бөлүгү. Абдумомун Түнкатардын атын жылоодон ала колтуктап түшүрдү (Жантөшев). Жылоосунан кармады. («Манас» С. О.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. делать быстрые, ловкие движения,
суудан чыккан балыктай колго кармалбай жылпылдайт он извивается и не даёт себя схватить, как рыба, вынутая из воды;
2. быть изворотливым, пронырливым; рассыпаться мелким бесом.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛ СҮРҮҮ — мүчөлдүн жылдары боюнча кишинин канча жашта экендигин, кайсы жылы туулгандыгын, белгилүү бир окуянын качан болгондугун аныктоо, эсептөө. Жылдар айбанаттардын аты менен аталып, акыркысы бүткөндөн кийин кайра баштан эсептеле берет жана он экиси бир мүчөлдү түзөт. Ж. с. төмөнкү тартипте эсептелет: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу, 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз. Ж. с. түрк элдеринде 6—8-кылымда эле белгилүү болгон. Эпосто Семетей он экиге чыкканда Таласка келип, Бакайга жолугат. Өзүнүн Семетей экендигин билгизбей аны сынап турганда Бакай жылды эсептеп Семетейдин келер жылы быйыл экендигин, аны күтүп жүргөндүгүн айтат:
Жыл эсебин алайын, Эми жылды катка салайын, Ал эле чычкан, ал эле уй, Ал эле жылкы, а да барс Ал эле коён, ал жылан, Ал эле тоок, ал улуу, Ал эле мечин, а да кой, Ал эле доңуз, ал эле ит, Айкөлдөн калган кулунум, Өлбөй жүрсө Семетей Быйыл он экиге толгон кез (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 230).
Ж. с. кыргыздарда байыртадан эле колдонулгандыгын баамдоого болот, к. Мүчөл.
Ы. Кадыров

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир мүчөл (12 жыл) ичиндеги мезгилдин эсептелиниши жана мүчөлдүн жылдары боюнча кишинин канча жашта экендигин, кайсы жылы туулгандыгын, белгилүү бир окуянын качан болгондугун аныктоо, эсептөө. Жылымды сүрсөм жылкы экен (Маликов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
подражательное слово, выражающее мгновенное и неожиданное действие;
жылт коюп, жок болду он ускользнул, улизнул, смылся;
күн, жылт коюп, уясына кирди солнце, сверкнув, закатилось;
караңгыда от жылт этти в темноте блеснул огонь;
от жылт эте түштү блеснул, мелькнул огонёк;
жылт этип, күлүп койду он вдруг усмехнулся;
суу бойлой жылт-жылт жанган оттор огни, поблёскивающие по берегу реки;
жылдыздай жылт-жулт этет поблёскивает, как звезда;
жылт бер- или жылт эт- шарахнуться, быстро отскочить; шмыгнуть;
дагы бир түн кетти, жылт агып ещё одна ночь ушла незаметно;
жылт этме разг. шутл. керосин.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
туур. Кыймыл-аракеттин тездигин, күтүлбөгөн жерден көрүнө калуу, жок болуп кетүү же жарыктын чагыла түшүү учурун билдирүүдө колдонулуучу тууранды сөз. Жылт этүү. Жылт коюу. Жылт-жылт жанган от.
¨ Жылт этме — жылт коюп жүрүп кетме, карматпаган, колго жукпаган куу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оттон, нурлуу, жылтырак ж. б. нерселерден аз гана же чукул гана жарык, нур, шоола көрүнө калышын, чагылышын же тез-тез кайта-кайта көрүнө калышын билдирүүдө колдонулат. Боз үйдүн төбөсүнөн чыккан оттун учкундары жылт-жылт этип жок болууда (Жантөшев). Караңгыда жылт эткен оттун жарыгынан башка эч нерсе көрүнбөйт (Каимов). 2. Кыймыл-аракеттин өтө тез же күтүлбөгөн жерден болушун билдирүүдө колдонулат. Жылдызкан жылт коюп жүгөрүнүн арасына кирди (Байтемиров). Бура тартып жылт берип, Түлкүдөй болуп мант берип («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Заматта көзгө көрүнбөй калуу, арыдан бери жок болуу, көрүнбөй кетип калуу. Ал киши жылт берип кеткен (Бектенов). Окууга тоң моюндары ошол эле күнү жылт берди (Өмүрбаев). В.: Жылт коюу. Түбү жедеп күнгө какшыган жүгөрүнү отогондон укмуштай тажап, канткенде жылт койсом деп кыйпычыктай баштады («Кыргызстан маданияты») – Э-э, өзүбүз ак жолборстун токоюнда жүрүп, жылт койгондо кайда барабыз?! (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖЫЛТ БЕРҮҮ Түбү жедеп күнгө какшыган жүгөрунү отогондон укмуштай тажап, канткенде жылт койсом деп кыйпычыктап турганда («Кыргызстан маданияты») - Э -э, өзүбүз ак жолборстун токоюнда жүрүп, жылт койгондо кайда барабыз?! (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Жылт-жылт этүү, жылт этип көрүнүү. Күн баткандан кийин тоо этегиндеги ээн талаадан от жылтылдады («Советтик Кыргызстан»). [Шахтада].. көздөрү гана жылтылдаган грузчиктер шамдагай кыймылдап жатышат (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жылтылда-;
балдардын от жылтылдатып жаткандарын көрдү он заметил, что дети развели огонь;
ташып аккан суу, жылтылдатып, көбүк чертет полая вода подбрасывает поблёскивающую пену;
жылтылдатып ат минди он красуется на коне.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылтылдап көрүнгөн, жылтырак, жылтырап көрүнгөн. Кундуздай жылтыр чачынын карасынан агы көбөйүптүр (Сыдыкбеков). Манапбайдын жылтыр кара өтүгүн карады (Сыдыкбеков). 2. өт. Колдогу нерсенин эң жакшысы, мыктысы, алгылыктуусу. Бар оокатынын жылтырын Шарипке сактай турган (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылт-жылт этүү, өңү, бети жылтылдап, чагылышып көрүнүү. Парталар жылтырап таптаза (Сыдыкбеков). Жеңил машинанын жону жылтырап күнгө чагылышты (Сыдыкбеков). 2. Атоочтук формада: Колдогу оокаттын, нерсенин эң түзүгү, алгылыктуусу. Жылтыраганынын бардыгын ага сарп кылды. (Сыдыкбеков). жылтыраган.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ташка чыккан шыбактын бир түрү жылтыркан аталат. Анын жалтыркан варианты да бар. Бул сөз жалбырагынын жылтыраган түсүнө карата айтылышы мүмкүн. Жылтыр сөзүнө -кан мүчөсү уланган. Мындай мүчө өсүмдүктөрдүн атын билдирүүдө кеңири пайданылат. Мисалы: балтыркан, караган ж. б.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жылуу I
1. тепло, теплота;
ток жылуусун ээси билет погов. теплоту шубы (насколько она тепла) знает её хозяин;
жылуу эт парное мясо;
2. перен. тёплый, приятный; ласковый;
жылуу кабар приятное известие;
жылуу сөз тёплое, ласковое, приятное слово;
жылуу суйлө- говорить ласково, приятно;
жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ййинден чыгат погов. если ласково говорить, (то и) змея из норы вылезет;
жылуу жылмайды он приятно улыбнулся;
жылуу тосуп ал- тепло встретить;
3. перен. душа;
4. перен. гнездо;
жагалмай учту жылуудан фольк. кобчик вылетел из гнезда;
жылуу ордун суут- или жылуу ордунан козго- сорвать (кого-л.) с насиженного места.
жылуу II
и. д. от жыл- II;
кыйын иш - алга жылуу жалгыз кадам стих. сделать (первый) шаг вперёд - трудное дело.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Жылуулук илеби бар, муздак эмес. Балдар эчак жылуу төшөктө («Ала-Тоо»). Жаш туулган козулар өзүнчө жылуу купкеде (Жантөшев). Жылуу суу. Күн жылуу болду.
2. өт. Жамгымдуу, мээримдүү, ырайымдуу. Жылуу мээрим менен Сабийра Динардын маңдайынан өптү (Сыдыкбеков). Мугалим балдарга жылуу жүз менен жылмая карады (Сыдыкбеков).
¨ Көзүнө жылуу учуроо же өңү жылуу учуроо — тааныш өңдөнүү, мурда бир жерден көргөндөй болуп сезилүү. Жылуу орун — турак алып, үйрөнүп калган жай, жер. Жылуу ордунда калып, өз оокаттарын жүргүзүп жатышат («Чалкан»).
ЖЫЛУУ II жылы этишинин кыймыл атоочу.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы жылуу деген сын атоочту жылы+уу морфемаларына ажыратуу – жаңылыштык. Антип ажыратуу жылуу деген кыймыл атоочко гана ылайык келет. Жылуу сын атоочу жылы+к курамынан пайда болгонун ысык-жылык тамак дегенге салыштырып аныктоого болот. Ысык сөзү ысы этишине сын атооч жасоочу -к мүчө жалганып жасалган сыяктуу эле, жылы этишине -к мүчөсү уланып, жылык сын атоочу пайда болгон. Бирок ошол к тыбышынын өнүгүшү экөөндө бирдей болгон эмес. Ысык деген сөздө анын өзгөрбөй калган түрү басымдуу колдонулат. Ал эми ошол к тыбышынын үндүүгө өтүшүнөн пайда болгон ысуу түрү ысуула (<ысуу+ла) деген учурда гана айтылат. Тескерисинче, алгачкы жылык түрү ысык-жылык тамак деген учурда гана айтылып, демейде андан келип чыккан жылуу түрү колдонулат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ысык менен муздактын орто жериндеги температура, жылуулугу бар. Боз түшкөн ысыгың бар, суугуң бар, Жаанчыл, салкының бар, жылууң бар (Осмонов). Күн ачык, айлана мемиреп жылуу (Абдумомунов). 2. Анчалык ысык эмес, бирок таптакыр сууп да калбаган. Жылуу тамак, бүтүн көйнөк көрбөгөн (Токомбаев). 3. Жылуулукту сактаган, үшүтпөгөн, суук өткөзбөгөн. Жибердик кийим, ызгаарда, Кийсеңер жылуу тон болсун (Осмонкул). 4. өт. Жайлуу, орунтуктуу, жайланышып үйрөнүп калган, көнгөн. Жылуу ордуман козгобо,– деди атам (Ала-Тоо»). 5. өт. Мээримдүү, ырайымдуу, сүймөнчүлүктүү, жагымдуу, уккулуктуу, жүрөккө жакын. Мугалим балдарга жылуу жүз менен жылмая карады (Сыдыкбеков). Жумшак тил, жылуу сөз угуп, Энеке, сенден көөнүм ток (Токтогул). Жылуу тийген жүрөккө, Сөздөрү ай бозойдун! (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үшүбөгүдөй, муздабагыдай кылуу, жылуу болгудай кылып жабуу, кымтылоо, ороп-чулгоо ж. б. кам көрүү. Короого баккын жылуулап, Коомдошкон малыңды (Осмонкул). Тууган койду жылуулап, Жаткырып койдук жекелеп (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерседен чыккан жылуу илеп, бир нерсенин жылыган абалы. Күндүн жылуулугу. Оттун жылуулугу.
2. өт. Жагымдуулук, ырайымдуулук, мээримдүүлүк. Анын айткан сөзүндө, кубанчында кандайдыр бир жылуулук бардыгын Карып сезди (Жантөшев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жылуулук, жылуулугу, жылуулукка
жылуулук алкактары
жылуулук берүү
жылуулук машинасы
жылуулук өткөргүчтүк
жылуулук уюлдары
жылуулук физикасы
жылуулук электр борбору (ТЭЦ)
жылуулук электр станциясы
жылуулук энергетикасы

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Атом, молекула ж. б. сыяктуу эң майда бөлүкчөлөрдүн баш аламан кыймылынан жана алардын ысышынан пайда болгон энергиянын түрү. Жылуулуктун механикалык эквиваленти. Салыштырма жылуулук. 2. Кандайдыр бир нерсенин ысуусунан бөлүнүп чыккан тап, жылуу илеп, температура, кызыган аба. Күндүн жылуулугу Оттун жылуулугу. 3. өт. Жагымдуулук, сүйкүмдүүлүк, ырайымдуулук, мээримдүүлүк, жүрөккө жакындык. Анын айткан сөзүндө кандайдыр бир жылуулук бардыгын Карып сезди (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖЫЛУУ ОРДУН СУУТУУ Эч нерсе билбеген үчүн жыргап жаткан жылуу ордубуздан козгоп, оолап отурабыз, - деген Мария (Ашымбеков). Менин көзүм жумулуп кетсе ошондо алып кетесиңер. Аңгыча жылуу ордунан козгобогула буларды (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйүр алышып, үйрөнүшүп көнүп калган жеринен кетип калуу, орун алган, жакшы турган жеринен ажырап калуу. Сен деп жүрүп, жылуу ордумду сууткамын («Ала-Тоо»). Анын ошол бир гана ооз сөзүндө жылуу ордун суутуп, ушул күнгө тушуктурган кишилерге арткан дооматы бардай сезилди (Ашымбаев). В.: Жылуу ордунан козгоо. Эч нерсе билбеген үчүн жыргап жаткан жылуу ордубуздан козгоп, оолап отурабыз, – деген Мария (Ашымбеков). Менин көзүм жумулуп кетсе ошондо алып кетесиңер. Аңгыча жылуу ордунан козгобогула буларды (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үйүр алышып, үйрөнүшүп көнүп калган жеринен кетип калуу, орун алган, жакшы турган жеринен ажырап калуу. Сен деп жүрүп, жылуу ордумду сууткамын («Ала-Тоо»). Анын ошол бир гана ооз сөзүндө жылуу ордун суутуп, ушул күнгө тушуктурган кишилерге арткан дооматы бардай сезилди (Ашымбаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛУУ-СУУ — топоним, Орго канды жеңгенден кийин Манастын колу өргүп жаткан жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 92). Географиялык реалияда Ысык-Көлдүн күн чыгышындагы Аксуу - Арашан аймагы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(о глазах) иметь вид щёлочек;
көзү жылчыйган неме экен он какой-то узкоглазый;
жылчыйбай, тынч отур! ты, узкоглазый, сиди смирно! (букв. не выпячивайся со своими узкими глазами!).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Экинчи тарабын шыкаалап кароого болгудай, шоола же суюктук өтүшү мүмкүн болгон кичине тар тешик же кууш жарака тартып кеткен ачык жер, боштук. Динар оң көзүн жума калып жылчыктан шыкаалайт (Сыдыкбеков). Ичи караңгы айнектин ордуна шыпка жакын жеринде гана ипичке жылчык жылтырайт (Абдукаримов). 2. Бош орун, ачык жер. Калдайган жылчыгы жок кара булут (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Тешиктүү, жаракасы бар. Биздин катарыбызда кыртыш тактайдан жасалган жылчыктуу дубалдын артында кожоюндун тоокканасы бар эле. Токсон жери жылчыктуу керегеси жепирейген кара алачык жок («Эл акындары»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жылуу абалга келүү, жылынуу. Күн жылыгандан жылыды. Топурак жылып, жан-жаныбарлардын тиричилиги башталды (Сыдыкбеков).
2. өт. Жакшы мамиле кылуу, ийүү, ыраазы болуу, эрүү. Баласын эркелетип жакшы көргөн адамга кимдин ичи жылыбасын! (Убукеев). Тоо куштары үн салышып сайраса, Жүрөк жылып күүгө толот айланаң (Осмонкул).
¨ Чекеси жылыбоо к. чеке. Ичи жылуу к. ич I.

Киргизско-русский словарь Юдахина
теплеть, становиться тёплым;
күн жылыды погода потеплела;
анын айткан сөзүнө ичим жылыды его слова явились для меня целительным бальзамом;
андан чекең жылыбайт от этого тебе мало будет радости;
Самтырдын да Саадатка ичи жылый түштү и Самтыр почувствовал к Саадату симпатию;
алдым жылыса, аркам жылыган эмес моё положение было серёдка на половинке (если одно хорошо, то другое плохо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тап, илеп, ысык аба, күн нуру өтүп ж. б. жылуу болуу, жылуу абалга келүү. Күн жылыды, жаз келди (Баялинов). Жаткандан кийин көпкө жылыган жок (Байтемиров). 2. Мээрим төгүү, сүймөнчүлүк, жакшы көрүү сезими пайда болуу, ийигүү. Айткан сөзүнө жылыбадым (Мидин). Тоо куштары үн салышып сайраса, Жүрөк жылып күүгө толот айланаң (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. невкусный; не вызывающий аппетита;
жылымчы суу неприятная на вкус вода;
2. перен. действующий исподтишка, тайком;
жылымчы осурактын жыты жаман погов. груб. в тихом омуте черти водятся.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Отко, тапка кактануу, өзүн, өзүнүн денесин жылытуу; жылуу болуп калуу. [Батыш].. жедеп үшүгөндө үйгө кирип жылынат (Байтемиров).
Алоолонгон жалынга жылынып жатышты («Советтик Кыргызстан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жылы-
обогреться, согреться;
эми күн жылынды теперь погода потеплела;
бозодон бир кесе ичсе, - ичип алайын, жылынып калаармын ну, выпить так выпью чашку бузы, согреюсь.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жылы-
нагревать, согревать;
суу жылыт- согреть воду;
ичими жылытып турасың ты мне симпатичен;
ушул көз карашында ич жылытар сүйкүм, жылуулук бар в этом (его) взгляде есть возбуждающая симпатию теплота;
бой жылытчу кеп приятное слово, приятная речь;
тизе жылыт- см. тизе.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге же бир ишке куру бекер дем байлаган, көтөрүлүп, мактанган адамга карата «ошондой кыйын болсо, олуя болсо, укмуш болсо да, көрөрбүз» деген сыяктуу мааниде колдонулат. Жылы төө болсо, аткарбай көрүшсүн, эмне кылар экенмин! - деп борс-борс күлдү (Ала-Тоо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге же бир ишке куру бекер дем байлаган, көтөрүлүп, мактанган адамга карата «ошондой кыйын болсо, олуя болсо, укмуш болсо да, көрөрбүз» деген сыяктуу мааниде колдонулат. Жылы төө болсо, аткарбай көрүшсүн, эмне кылар экенмин! – деп борс-борс күлдү («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жылыш I
и. д. от жыл- II
продвижение, сдвиг;
илгери карай жылыш жасашты они продвинулись вперёд.
жылыш- II
взаимн. от жыл- II;
карындашым Айчүрөк, касиеттен жылыштың фольк. моя сестричка Айчурек, лишилась ты (своих) достоинств.
жылыш- III
взаимн. от жылы-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Бир орунда туруп калбастан алга жылгандык, илгерилегендик.
2. Оңоло баштагандык, жакшы боло баштагандык; ийгилик. Оорунун жылышы барбы? Ар күнү, ар бир иште илгери жылышыбыз бар (Убукеев). Көргүлөчү биздин алга жылышты, Күчөтөбүз дал ушинтип жумушту (Осмонкул).
ЖЫЛЫШ II этиш. Бир орундан экинчи орунга жылуу, орун алмашуу. Жылышып отургулачы. Өйдөрөөк жылышып койгулачы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Илгерилөө абалы, алга кетүүчүлүк, ийгилик, өзгөрүш. Баштагыга караганда эбегейсиз жылыштар экендигине талаш жок (Байтемиров). Ар бир жылы колхоз өзүнчө жылыштарга ээ болуп өнүгүп-өстү, чыңалды (Убукеев). 2. Оорусунан айыга баштаган, оңоло баштаган абал. Сыркоологонума үч жума болду, эч бир жылыш жок («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир орунда, бир калыпта туруп калбастан, акырындап жылуу, илгерилөө, жылыш жасоо. Жылыштап жүрүп олтуруп, Бул Алтайдан качалы («Манас»). Качып барып Турпандан, Кайта келдик жылыштап («Жазгыч акындар»).
2. Оңолуу, жакшы боло баштоо. Оорусу күндөн күнгө жылыштап оңолуп келатат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ордунан жылуу, козголуу, акырындап жыла берүү, ооп кетүү. Жылыштап отуруп терезенин түбүнө жеттим (Касымбеков). Жылыштап жүрүп отуруп, Бул Алтайдан качалы («Манас»). 2. Айыга баштоо, жөнүгүү, жакшы боло баштоо. Оорусу күндөн күнгө жылыштап келатат.