Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Алгачкы жалаң аяк (айак) түрүндө айтылган сөздөрдүн биригип, бир сөзгө айланышынан пайда болгон сөздүн л жана ң тыбыштары орун алмашып калышынан жылаңайак сөзү келип чыккан. Анан л менен й тыбыштары орун алмашуудан жыңайлак түрүнө келген. Бирок сөздүн башкы бөлүгү жалаң>жылаң деген сөздөн турарын эске алып, ошондой түрүнө тууралап айтууга ылайыктоонун натыйжасында жылаңайлак сөзү жаралган. Аягындагы айлак бөлүгү жыңайлак түрүндө айткандагы орун алмашуулары боюнча калтырылган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
голый, нагой;
ач-жылаңач голодный и холодный (букв. голодный и голый);
жылаңач уй южн. корова (в отличие от яка);
тыр жылаңач или тырдай жылаңач см. тыр;
жылаңач ыйык см. ыйык;
ак жылаңач название хлебного злака;
ак жылаңач дегени - ак буудайдай иреңи стих. то, что называется ак жылаңач, цветом похоже на белую пшеницу;
жылаңач чабышуу сев. ист. дикое развлечение феодальной знати: два оголённых до пояса человека друг на друге испытывали силу удара плетью; "приз" от феодала получал тот, кто проявлял больше стойкости.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Үстүндө кийим жок; дененин кийимсиз турган жери. Үйдүн көлөкөсүндө жылаңач жатып уктап калыптырмын (Сыдыкбеков). Күз айларында да бел кырчоого чейин жылаңач туруп иштөөгө туура келет (Абдукаримов).
2. Бетинде эч кандай өсүмдүгү жок, өсүмдүк өспөгөн (талаа, тоо жөнүндө); бутактары жылаңачталган, жалбырактары түшкөн (дарактар жөнүндө).
¨ Ач-жылаңач — азып-тозгон, кийими жыртылган, ичээрге тамагы жок. Муңайып ач-жылаңач жаралуу жан (Аалы).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛАҢАЧ — топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйгө аш бергени Ташкенден Каркырага көчүп бараткан Бокмурун Ж-ка жылкысын өргүтүп өтөт.
Географиялык реалияда Алматы облусундагы аймак, тоо (Челек дарыясынын боюнда).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ичине кийим кийбеген учурга гана карата айтылган жалаң ич сөздөрүнүн биригип кетишинен келип чыккан жылаңач сөзүнүн мааниси мурдагысынан кеңип, «үстүнө кийим кийбеген, эч кийим кийбеген» маанисин берип калган. Бирок көбүнчө анын алгачкы мааниси үстөмдүк кылат. Ичине кийим кийбеген адамдын жонунда да кийими жок болушу мүмкүн. Ошондуктан жылаңач сөзү көбүнчө майка, көйнөгүн кийбеген учурга карата айтылат. Ошол себептен жалпы эле денесине эч бир кийим кийбеген учурду так айтуу үчүн энеден туума жылаңач түрүндө айтууга туура келет. Алгачкы жалаң ич тизмегиндеги ич сөзүнүн и тыбышы астынкы сөздөгү жоон үндүүлөргө үндөшүп, а тыбышына өтүп кеткен. Ошол себептен жылаңач сөзү ич сөзүнө байланышпагансып калган. Ал эми л жана ң тыбыштарынын ордун алмаштырып айтуудан жыңалач варианты пайда болгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үстүндө кийими жок, кийимсиз. Күз айларында да бел кырчоого чейин жылаңач туруп иштөөгө туура келет (Абдукаримов). Кээде шүүдүрүмдүн бүркүндүсү жылаңач балтырына себилет (Сыдыкбеков). || Кийим-кечеси жок же абдан начар, жыртык-тешик, жетишсиз. Иштебей койсо ач калат, жылаңач болот (Сыдыкбеков). 2. Бетинде, боорунда эчтеме жок, бак-дарак, өсүмдүк өспөгөн (жерге карата). Сары-Аркаң суусуз чөл экен, Жылаңач жаткан жер экен («Манас»). Жылаңач тоолордун түнөргөн капалуу түрү жолоочулардын көңүлүн ого бетер куса кылды (Абдукаримов). 3. Жалбырагы түшкөн (бак-даракка карата), жасалгасынан, жабуусунан ажыраган (үй-жайга карата). Жылаңач теректер. Жылаңач үй. 4. Жүнү жок, жүнү түшкөн. Жүгүрсө ок жетпеген, Жүнү тайкы жылаңач (Калык). Метис козу жылаңач болот экен («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүндө эч нерсе калбаса да колунда барын аябаган, эч нерседен тартынбаган, бир нерсеге кыйылып, кылчактап отурбастан шар кеткен, март, берешен. Тезекбай ырчы тамырынын жылаңач баатыр, жоомарттыгына бу саам дагы топуктанды (Бейшеналиев). Сапарбек башына кандай кара кун тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр (Элебаев). Качыке деген жылаңач баатыр ушул (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүндө эч нерсе калбаса да, колундагысын аябаган берешен, колу ачык, март. Бир кезде мен дагы жылаңач баатыр элем («Ала-Тоо»). Тоозак болсо кедейлердин арасында жылаңач баатыр (Абдукаримов). Тезекбай ырчы тамырынын жылаңач баатыр, жоомарттыгына бу саам дагы топуктанды (Бейшеналиев). Сапарбек башына кандай кара күн тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр (Элебаев). Качыке деген жылаңач баатыр ушул (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЫЛАҢАЧ-БУГУ-ТООСУ — топоним. Көзкамандардан ууланган Манасты Каныкей качырып келип айыктырган жер. Манастын сөөгүн Каныкей Эчкиликтин-Кара Зоосуна коюлду деп айттырып, чындыгында Ж.-БТ-на койдурган деген уламыш бар. М. Мусулманкуловдун вариантында Манастын сөөгү коюлган жай Ж.Б-Т-сунда делет. Географиялык реалияда Ж.-Б-Т. Тогуз-Торо районунун түндүк жагындагы Молдо-Тоонун уландысы. Жергиликтүү эл Ж.-Б-Т-н ыйык тутат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кийимин чечип, жамынган жамынчысын ж. б. алып таштап, жылаңач калтыруу. Кийимин дырдай чечтирип, Жылаңачтап салышты (Тоголок Молдо). 2. Боз үйдүн жабууларын, үйдүн керегесиндеги жасалгаларын ж. б. сыйрып алуу, керегеси көрүнүп калуу. Үйүн жылаңачтап жайлоого көчкөн жатышат (Жантөшев). || Кабынан, кынынан чыгарып жалаң өзүн калтыруу (мисалы, кылычты), бетиндеги, боорундагы өсүмдүктөрүнөн ажыратуу (мисалы, тоону) жалбырактарын жок кылуу (мисалы, бак-даракты). Нече ирет коркпой жоого каршы чапты, Кылычын жылаңачтап ири алдында (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч токтоосуз, буйдалбастан, шыдыр, шар. Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай жооп берди. В.: Жылаңач төөнү бутка чапкандай. Жоодар жылаңач төөнү бутка чапкандай сүйлөдү. Жылаңач төөнү шыйракка чапкандай. Жылаңач төөнү шыйракка чапкандай шар кетти. Күлүк атты бучкакка чапкандай. Күлүк атты бучкакка чапкандай айдатып сүйлөгөн эле (Өмүрбаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Баш кийимсиз абалды жылаң баш, же жыңалбаш деп айтабыз. Анын составында баш сөзү турганы оңой ажыратылат. Жылаң сөзү алгачкы жалаң сөзүнүн а тыбышы ы тыбышына алмашуудан келип чыкса, жыңал сөзү анын л жана ң тыбыштары орун которуштуруудан пайда болгон.