Алгачкы жалаң аяк (айак) түрүндө айтылган сөздөрдүн биригип, бир сөзгө айланышынан пайда болгон сөздүн л жана ң тыбыштары орун алмашып калышынан жылаңайак сөзү келип чыккан. Анан л менен й тыбыштары орун алмашуудан жыңайлак түрүнө келген. Бирок сөздүн башкы бөлүгү жалаң>жылаң деген сөздөн турарын эске алып, ошондой түрүнө тууралап айтууга ылайыктоонун натыйжасында жылаңайлак сөзү жаралган. Аягындагы айлак бөлүгү жыңайлак түрүндө айткандагы орун алмашуулары боюнча калтырылган.
Бут кийими жок, жыңайлак. Жылаңайлак тоо-ташты, Жол кылгандар аманбы (Токтогул). Нина Леонтьевна бут кийимин колуна алып жылаңайлак басты (Сыдыкбеков).