ЖЫЛАҢАЧ БААТЫР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өзүндө эч нерсе калбаса да колунда барын аябаган, эч нерседен тартынбаган, бир нерсеге кыйылып, кылчактап отурбастан шар кеткен, март, берешен. Тезекбай ырчы тамырынын жылаңач баатыр, жоомарттыгына бу саам дагы топуктанды (Бейшеналиев). Сапарбек башына кандай кара кун тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр (Элебаев). Качыке деген жылаңач баатыр ушул (Абдукаримов).