ЖЫЛАҢАЧ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаИчине кийим кийбеген учурга гана карата айтылган жалаң ич сөздөрүнүн биригип кетишинен келип чыккан жылаңач сөзүнүн мааниси мурдагысынан кеңип, «үстүнө кийим кийбеген, эч кийим кийбеген» маанисин берип калган. Бирок көбүнчө анын алгачкы мааниси үстөмдүк кылат. Ичине кийим кийбеген адамдын жонунда да кийими жок болушу мүмкүн. Ошондуктан жылаңач сөзү көбүнчө майка, көйнөгүн кийбеген учурга карата айтылат. Ошол себептен жалпы эле денесине эч бир кийим кийбеген учурду так айтуу үчүн энеден туума жылаңач түрүндө айтууга туура келет.
Алгачкы жалаң ич тизмегиндеги ич сөзүнүн и тыбышы астынкы сөздөгү жоон үндүүлөргө үндөшүп, а тыбышына өтүп кеткен. Ошол себептен жылаңач сөзү ич сөзүнө байланышпагансып калган. Ал эми л жана ң тыбыштарынын ордун алмаштырып айтуудан жыңалач варианты пайда болгон.