Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үстүндө кийими жок, кийимсиз. Күз айларында да бел кырчоого чейин жылаңач туруп иштөөгө туура келет (Абдукаримов). Кээде шүүдүрүмдүн бүркүндүсү жылаңач балтырына себилет (Сыдыкбеков). || Кийим-кечеси жок же абдан начар, жыртык-тешик, жетишсиз. Иштебей койсо ач калат, жылаңач болот (Сыдыкбеков). 2. Бетинде, боорунда эчтеме жок, бак-дарак, өсүмдүк өспөгөн (жерге карата). Сары-Аркаң суусуз чөл экен, Жылаңач жаткан жер экен («Манас»). Жылаңач тоолордун түнөргөн капалуу түрү жолоочулардын көңүлүн ого бетер куса кылды (Абдукаримов). 3. Жалбырагы түшкөн (бак-даракка карата), жасалгасынан, жабуусунан ажыраган (үй-жайга карата). Жылаңач теректер. Жылаңач үй. 4. Жүнү жок, жүнү түшкөн. Жүгүрсө ок жетпеген, Жүнү тайкы жылаңач (Калык). Метис козу жылаңач болот экен («Ала-Тоо»).