ЖЫЛУУ ОРДУН СУУТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Үйүр алышып, үйрөнүшүп көнүп калган жеринен кетип калуу, орун алган, жакшы турган жеринен ажырап калуу. Сен деп жүрүп, жылуу ордумду сууткамын («Ала-Тоо»). Анын ошол бир гана ооз сөзүндө жылуу ордун суутуп, ушул күнгө тушуктурган кишилерге арткан дооматы бардай сезилди (Ашымбаев).