ЖЫЛЫШ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Илгерилөө абалы, алга кетүүчүлүк, ийгилик, өзгөрүш. Баштагыга караганда эбегейсиз жылыштар экендигине талаш жок (Байтемиров). Ар бир жылы колхоз өзүнчө жылыштарга ээ болуп өнүгүп-өстү, чыңалды (Убукеев). 2. Оорусунан айыга баштаган, оңоло баштаган абал. Сыркоологонума үч жума болду, эч бир жылыш жок («Ала-Тоо»).