ЖЫЛУУ ОРДУН СУУТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Үйүр алышып, үйрөнүшүп көнүп калган жеринен кетип калуу, орун алган, жакшы турган жеринен ажырап калуу. Сен деп жүрүп, жылуу ордумду сууткамын («Ала-Тоо»). Анын ошол бир гана ооз сөзүндө жылуу ордун суутуп, ушул күнгө тушуктурган кишилерге арткан дооматы бардай сезилди (Ашымбаев). В.: Жылуу ордунан козгоо. Эч нерсе билбеген үчүн жыргап жаткан жылуу ордубуздан козгоп, оолап отурабыз, – деген Мария (Ашымбеков). Менин көзүм жумулуп кетсе ошондо алып кетесиңер. Аңгыча жылуу ордунан козгобогула буларды (Өмүрбаев).