ЖЫЛТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Оттон, нурлуу, жылтырак ж. б. нерселерден аз гана же чукул гана жарык, нур, шоола көрүнө калышын, чагылышын же тез-тез кайта-кайта көрүнө калышын билдирүүдө колдонулат. Боз үйдүн төбөсүнөн чыккан оттун учкундары жылт-жылт этип жок болууда (Жантөшев). Караңгыда жылт эткен оттун жарыгынан башка эч нерсе көрүнбөйт (Каимов). 2. Кыймыл-аракеттин өтө тез же күтүлбөгөн жерден болушун билдирүүдө колдонулат. Жылдызкан жылт коюп жүгөрүнүн арасына кирди (Байтемиров). Бура тартып жылт берип, Түлкүдөй болуп мант берип («Манас»).