ЖЫЛДЫЗЫ ЖЕРГЕ ТҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбай түнөргөн, маанайы пас абалда болуу. Жылдызы жерге түшүп, кепичин бутуна араң салып, жука чапанын желбегей жамынган бойдон теңселе басып, сөөдүрөп түшүп кетти (Касымбеков). Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң (Айтматов). Азыр эле баласына сыймыктанган Асанбайдын жылдызы жерге түштү (Жантөшев).