ЖЫЛЧЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Экинчи тарабын шыкаалап кароого болгудай, шоола же суюктук өтүшү мүмкүн болгон кичине тар тешик же кууш жарака тартып кеткен ачык жер, боштук. Динар оң көзүн жума калып жылчыктан шыкаалайт (Сыдыкбеков). Ичи караңгы айнектин ордуна шыпка жакын жеринде гана ипичке жылчык жылтырайт (Абдукаримов). 2. Бош орун, ачык жер. Калдайган жылчыгы жок кара булут (Токомбаев).