ЖЫЛАНДЫН БАШЫН КӨРСӨТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Коркута турган, чочута турган, сестене турган сөздүн четин чыгарып коюу. «Берсин кызын, эгер көнүшпөй кайкалай турган болсо...», – деп жыландын башын көрсөтөт (Осмоналиев). В.: Жыландын башын кылтыйтуу. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми жыландын башын кылтыйтпаңыз, Мырза! (Тойбаев). Ошентип бий жыландын башын кылтыйтып койду (Убукеев). Арадан эки жыл өткөндө карапайым күйөө жыландын башын кылтыйтат: «Арман күн, артымда туяк калбай турган болду» (Каимов). Жыландын башын чыгаруу. Көрсөң, жыландын башын чыгарып турганын! (Айтматов). Ал мүлтүлдөтүп, жыландын башын чыгара табышмактатканды жакшы көрбөйт («Кыргызстан маданияты»). – Бүлүнтүү оңой, мусулмандар, – деп көзүн кылыйтып, жыландын башын чыгарды кеңешчи (Касымбеков). Жыландын башын чыгарып сүйлөдү («Ала-Тоо»). Тоотпой баратса, жең учунан жыландын башын чыгарып кой (Сыдыкбеков).