ЖЫЛУУ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы жылуу деген сын атоочту жылы+уу морфемаларына ажыратуу – жаңылыштык. Антип ажыратуу жылуу деген кыймыл атоочко гана ылайык келет. Жылуу сын атоочу жылы+к курамынан пайда болгонун ысык-жылык тамак дегенге салыштырып аныктоого болот. Ысык сөзү ысы этишине сын атооч жасоочу -к мүчө жалганып жасалган сыяктуу эле, жылы этишине -к мүчөсү уланып, жылык сын атоочу пайда болгон. Бирок ошол к тыбышынын өнүгүшү экөөндө бирдей болгон эмес. Ысык деген сөздө анын өзгөрбөй калган түрү басымдуу колдонулат. Ал эми ошол к тыбышынын үндүүгө өтүшүнөн пайда болгон ысуу түрү ысуула (<ысуу+ла) деген учурда гана айтылат. Тескерисинче, алгачкы жылык түрү ысык-жылык тамак деген учурда гана айтылып, демейде андан келип чыккан жылуу түрү колдонулат.