Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбай түнөргөн, маанайы пас абалда болуу. Жылдызы жерге түшүп, кепичин бутуна араң салып, жука чапанын желбегей жамынган бойдон теңселе басып, сөөдүрөп түшүп кетти (Касымбеков). Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң (Айтматов). Азыр эле баласына сыймыктанган Асанбайдын жылдызы жерге түштү (Жантөшев). Жетимдикте баланын, Жерге түшөт жылдызы (Осмонкул). Капсалаңдын жылдызы жерге түшүп, үшкүрүгү таш жарат (Бейшеналиев). В.: Жылдызы түшүү. Хан өзү жооп таппай отурган суроого Султанмурат кайдан жооп бермек, Жылдызы түшүп шалдырады (Касымбеков). Шарипанын жылдызы түшүп ойлуу, кабагы салыңкы, маанайы пас, күйөөсүнүн кол булгап чакырганына кайдыгер кейпи бар (Кушубеков). Неси болсо да Кийизбай атка конгону байдын шагы сынып, жылдызы түшүп отурганы ушул го (Сыдыкбеков). Жылдызы урап түшүү. Бай-манаптар жылдызы урап түшкөнүн сезди (Убукеев). Жылдызы өчүү. – Мамбет жылдызы өчкөн элди түрүлтө кыжырлуу бакырды (Бейшеналиев). Үй толтура кишинин кимиси болсун жашып, каңырыгы түтөп, жылдызы өчүп, аза күткөндөй үңкүйүшөт (Саатов).