ЖЫЛАС БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Орду-түбү менен жок болуу, жоюлуу, жоголуу. Жылас болду тамдар урап жыгылып (Үмөталиев). Калың эл бул кыргындан чыгар бекен, Болбосо жылас болуп тынар бекен (Токомбаев). Эшенди колго түшүрүштү. Акмат мерген жылас болду (Мияшев). Жылкың менен жылас бол, менде аянар ал калган жок, колуңарга өлөм! – деп, союл шилтейт (Өгөбаев).